Мас кыздар тез жардамдын 47 жаштагы дарыгерин сабашты

Үч кыз тез жардамдын 47 жаштагы дарыгерин сабашкан. Ал 30-августта эртең менен кыздардын чакыруусу боюнча барган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кыздар мас абалда болушкан.

Тез жардам кызматынын дарыгери 47 жаштагы Чолпон Дүйшөнбиева 30-августта эртең үч кыздын чакыруусу менен барып сабалган.

«Ал жакта батирде турушат экен. Ал жерде үч кыз болгон, болжолдуу 25 жашта. Түндү алар эс алып өткөрүшкөн. Алар мас жана дүүлүккөн абалда болушкан», — деди Kloop.kgге саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова.

Айтымында, дарыгер тез жардамга чалып, өзүнүн жетекчилерине аны сабаганы боюнча арызданган. Анын жыйынтыгында тез жардамдын кызматкерин Улуттук госпиталга жаткырышкан.

«Алар урушуп кетишти окшойт деп ойлоп жатам. Көбүнчө тез жардам андай чакырууларга барбайт. Жалган айтып тез жардамды чакырууга болбойт. Бизде алкоголдон мас болгондорго жардам бере турган борборлор бар. Анын үстүнө кыздар өздөрүн жаман абалда экенин айтышып, жардам берүүсүн талап кылышкан. Ушул айтышууда кыздар Дүйшөнбиевага асылып сабашкан», — деди ал.

Тез жардам кызматынын реанимациялык кызматынын жетекчиси Егор Борисов Kloop.kgге Дүйшөнбиева үйдө өзү жалгыз болгонун, аны эч ким коргой албаганын айтты.

«Дарыгер чакыруу менен барган. Ал үйгө кирээри менен үч кыз дароо ага асылган. Мас абалдагы үч кыз болгон окуя боюнча отчёт бербей жатышат, алар дарыгерди сабашкан», — деди Борисов.

Баялинова кошумчалагандай, Дүйшөнбиева баш сөөгү жана мээсинен травма алгандыктан азыр Улуттук госпиталда дарыланып жатат.

Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылдын жай айынан бери Бишкекте дарыгерди сабаган 17 окуя катталган. Дарыгерлердин кол салуу боюнча укук коргоо органдарына жазган арыздары милиция тарабынан жоопсуз калтырылган.

«Эмнегедир курмандыктар болсо да эч кандай реакция кылган жок, баары сотко чейин жетпеди. Биздин укук коргоо органдары мындай окуядан кылмыштын түзүлүшүн көрүшпөйт», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Анна Жукова Kloop.kgге милиция жабыр тарткандардын арыздарын кабыл алууга милдеттүү экенин айтты.

«Милиция кызматкерлери арыздарды кабыл албай, же аракетсиздикке баруусу мүмкүн эмес. Силер уккан 17 окуя боюнча далили жок жөн эле сөз менен айтууга болбойт. Келгиле, анда 17 окуянын ар бирин карап чыгалы. Далил жок», — деди Жукова.

Бишкек ШИИБнин басма сөз борборунун башчысы Олжобай Казабаев 24.kg маалымат агенттигине төртөөнү тең шаардык милициянын 10-бөлүмүнө алып барышты деп айткан. Дарыгер өзүнүн арызын жазып бүтө элек аны башка дарыгерлер ооруканага жаткрыуу үчүн алып кетип калышты. Айтымында, үч кыз кайра дарыгердин үстүнөн арыз жазышмакчы — кандай себептер менен азырынча белгисиз.

Сүрөт: Бексултан Искендеров