БШК күзүндө жалпы республикалык референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө өтө турган болсо, шайлоочулар үчүн эки тизме болоорун айтууда.
Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору: Самат Жумакадыров.
Анын бири жергиликтүү кеңеш үчүн болсо, экинчи шайлоо тизме референдумга добуш берүүчүлөргө арналат. Ошол эле учурда кээ бир шайлоо участокторунда жалгыз эле референдум өтүп, жергиликтүү кеңешке шайлоо өтпөйт.
Эгемендүүлүк күнүнө карай президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунан кийин бийлик күзүндө референдум өткөрүүдөн баш тартпай турганы дагы бир жолу анык болду. Бирок БШКны ойлондурганы - бул шайлоо буга чейинкилерден түп-тамырынан айырмаланып, шайлоочулардын тизмеси да көйгөй жаратуу алдында турат.
БШК мүчөсү Гүлнара Журабаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жергиликтүү кеңеш шайлоолору менен референдумду аралаштыруу шайлоочулардын түшүнбөстүгүнө алып келет. Себеби референдумда жаран өлкөнүн каалаган жеринен шайлоого укугу бар болсо, жергиликтүү кеңеш шайлоосу паспортто катталган жерде гана өтүшү керек.
- Шайлоочулардын тизмеги эки башка болот. Мени оңтойсуз абалга салганы дал ушу тизмелер болуп жатат. Референдумдун шайлоосунда катталган жеринде эмес, башка жерде жүрсөң да №2 форманы толтуруп, шайлоого катыша берсең болот. Бирок ал жарандарга референдумдун эле бюллетени берилет, жергиликтүү кеңешке катыша албайсың. Айтор, ушундай жаңылыштыктар көп болот.
БШКнын пикири экиге бөлүндү
Мына ушундай дооматтар БШК ичинде референдум менен жергиликтүү кеңешти айкалыштыруудан чыгууда. Шайлоо комиссиясынын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова ансыз деле шайлоо тизмегинде чыр-чатактар катталып келгенин эске алып, эми бул жоопкерчилик эки эсе артылып жатканынан кооптонот.
- Биз акыркы шайлоолордо көрбөдүкпү, Ноокатта жашагандардын фамилиясы Аксыдан чыгып, дагы бир жарандыкы башка шайлоо участогунан чыккан. Эми эки тизме боло турган болсо ушундай маселелер эки эсе көбөйүшү менен кооптуу болуп турат.
Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов референдум маселеси парламенттин “Референдум жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийин гана БШКда караларын айтат. Ошентсе да ал референдум менен жергиликтүү кеңешке шайлоо бир күндө өтүп калса, шайлоо тизмегинде маселе жаралбашы керек деп оптимисттик көз карашты карманат.
- Шайлоочуларга эки бюллетень берилет, анын бири референдум, бири жергиликтүү кеңешке шайлоонун бюллетени. Эки бюллетень аралашып кетпеши үчүн өз-өзүнчө урналарга салынат. Бул үчүн эки шайлоо тизмеги түзүлөт, шайлоочулар өзүн эки тизмеден такташы керек. Ал эми жергиликтүү кеңешке шайлоо өтпөгөн аймактардын эли референдумга катыша берет. Ошондой эле мигранттар дагы бир гана референдумга катышат.
Мигранттар дагы унутулабы?
Мигранттар демекчи, биометрикалык маалыматын тапшырбай калган мекендештердин жоон тобу Орусиянын аймагында жүргөнү маалым. Көз карандысыз эксперт Өмүрбек Рыскелдиев бийлик Орусиядагы мигранттардын биометрикасын чогултууга дагы деле жетиштүү иш жасабай жатканын айтат. Натыйжада бир жыл мурунку парламенттик шайлоодогудай эле Орусиядагы мигранттардын шайлоого катышуу көрсөткүчү төмөн болуп кала берет.
- Бийлик Орусиянын ири шаарларына эле биометрикалык маалыматтарды чогултчу пункттарды түзүп коюп, башка региондогу кыргыздарды унутуп койду. Ошондуктан алар дагы деле шайлоо тизмегинде жок, бул деген алардын референдумга катышууга укугу жок деген белги.
Күз мезгилине белгиленип жаткан референдумга шайлоочулардын тизмеги “Референдум жөнүндө” мыйзамдын негизинде түзүлүшү абзел. Бирок бул конституциялык мыйзам учурда бир окуудан гана өткөн бойдон турат.
Депутат Чолпон Жакупова бул мыйзам күзүндө депутаттар тарабынан экинчи окуудан каралап баштаганда деле анын толук кабыл алынып, күчүнө киришине бир жылга чукул убакыт керектигин айтууда. "Андыктан референдумду жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бирге өткөрүү мыйзам бузууга алып келет" деди.
- Мамлекет референдумду өткөрүүгө даяр эмес экенин жоопкерчиликтүү айта алам. Себеби убакыттын бардыгы өтүп кетти. “Референдум жөнүндө” мыйзамды биз өткөн жылы күзүндө карай баштаганда азыр жетишип калмакпыз. Бирок иш жүзүндө эки ай мурун эле бул конституциялык мыйзам палатага келбедиби. Бул мыйзам шайлоочулардын тизмегин түзүүнү БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматына укук берет. Бирок азыр мыйзам жок, тизмелер да дайын эмес болуп жатпайбы.
Ушул жылдын жазында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо дагы да болсо шайлоочулардын тизмесин тактоо маселесинде иштер жетиштүү эмес экенин көрсөткөн. Тизмеден өзүн таппай, шайлоо укугунан ажыраган шайлоочулардын арыздарын эч ким уккан эмес.
Адистер жана БШКнын айрым мүчөлөрү шайлоочулардын тизмеси дагы деле толук түзүлө электигин айтып жатышат. Ошол эле учурда референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун эки бөлөк датада өткөрүүгө казынанын чамасы чак болбогондуктан, бийлик саясий чечим кабыл алчу күн алыс эместей.
Бир жума мурун Борбордук шайлоо комиссиясы 260 миллион сомго кошумча эки миң даана электрондук шайлоо үкөгүн сатып алуу келишимине кол койду. Кошумча урналар референдум учурунда колдонуларын БШКнын айрым мүчөлөрү айтып келатат.
Сүрөт: Азаттык