Ош: Мэрдин келишин күткөн окуучу кыз эсин жоготуп жыгылды

«Семетей» балдар бакчасынын ачылышына Оштун мэрин жана биринчи вице-премьер-министрди курдаштары менен күтүп жаткан 9-класстын окуучусу эси ооп кулап түштү.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Ош шаарынын Озгур айылында балдар бакчасынын ачылышы болуп жатканда 9-класстын окуучусу эсин жоготуп жыгылып түшкөн.

Окуучу өз классташтары менен бирге Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевди жана биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди күтүп жатканда эсин жоготкон.

Kloop.kgнин кабарчысы Дастан Үмөттегиндин билдиришинче, чиновниктер балдар бакчанын ачылышына бир саат кеч келишкен.

Foto_mer__

«Семетей» балдар бакчасынын жетекчиси Айсалкын Осмонкулованын айтымында, окуучу кыз «күндүн ысыгынан» эсин жоготкон. «Кыздын абалы стабилдүү. Ал күндө көп туруп калып эсин жоготкон», — деген ал.  

Окуучунун абалы белгисиз — аны дароо балдар бакчасынын имаратына алып кирип кетишкен.

Окуучу кыздар ачылышка эртең мененки саат 6:30да келгенин, ал эми ачылыш болсо саат 8:00де башталышы керек экенин айтышкан. Кийин ачылышты бир саатка жылдырып коюшкан.

Бир жыл мурда Ошто «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин ачылыш аземинде да окуучулардын бири эсин жоготкон. Анда алар премьер-министр Темир Сариевди күтүп жатышкан болчу.

Сүрөт: Дастан Үмөттегин