Сүрөт: Оштун борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнү майрамдалды

Кыргызстандын бардык аймактарындай эле Ошто да 31-август Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Kloop.kgнин кабарчысы Дастан Үмөттегин 5000 киши чогулган борбордук аянтка барып, шаардыктар бул күндү кандай тосуп алганын сүрөткө тартып келди.

Расмий салтанат СССРдин курамындагы Кыргызстандын биринчи жетекчиси Абдыкадыр Орозбаковдун эстелигине гүл коюу менен башталды.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аянтка чогулгандарды майрамы менен куттуктады.

IMG_0101

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө көз карандысыздыктын маанисин белгилеп, кыргызстандыктарга тынчтык каалады.

«Ош — кыргыздардын тарыхый борбору, ар жылы шаар өнүгүүдө. Алдыда эркин, тынч, ынтымак жашоо үчүн бардык күч жумшалат», — деп убадалады ал.

IMG_0124 IMG_0145

Кийин аянтта аскердик парад өтүп, Кыргызстандын тарыхындагы негизги окуяларды чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүү болду.

IMG_0258 IMG_0322

IMG_0214 IMG_0235

IMG_0226 IMG_0161

IMG_0200 IMG_0307

IMG_0248 IMG_0137

IMG_0143 IMG_0180