«Рейтер» басылмасы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун көз жумганы жөнүндө үч дипломатиялык булакка таянып кабарлады.
«Ооба, ал өлдү» — деп өзүнүн үч дипломатиялык булактарынын биринин сөзүн цитата келтирет «Рейтер», Каримовдун өлүмү жөнүндө 2-сентябрда кабарлап жатып.
«Каримовдун кичи мекени болгон Самарканддын бийлиги жума күнгө караган түнү жумушчу күчтү шашылыш түрдө чогултуп, борбордук көчөлөрдү тазалаткан — бул тажыяга даярдык көрүүгө ишарат кылат», — деп жазат «Рейтер».
Өзбекстандын расмий бийлиги азырынча өз президентинин каза болгонун тастыктай элек.
Өзбекстандын өкмөтү кабарлагандай, Каримовдун абалы инстульт алгандан кийин катуу начарлап кеткен. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы оор.
«Фергана» басылмасы Самарканд шаары президенттин тажыясына даярдык көрүп жатат деп кабарлаган. Самарканддагы тарыхый-архитектуралык Шахи Зинда эстелигинин жанындагы көрүстөндө жерге берүү үчүн даярдыктар жүрүүдө. Ал жерде Ислам Каримовдун эки бир тууганы жана энеси көмүлгөн.
«Фергананын» маалыматы боюнча, сөөк коюу зыйнаты 3-сентябрда болот, президенттин өлүмү туурасында бүгүн 2-сентябрда жарыялашат.
Түркиянын «Хүрриет» гезити билдиргендей, өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым президенттин көз жумганы боюнча расмий тастыктоо болгонго чейин эле Өзбекстандын элине Каримовдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айткан.
Өз көңүл айтуу сөзүн премьер-министр телеканалдардан көрсөтүлгөн өкмөттүн отурумунда билдирген.
«Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кайтыш болду. Түркия Республикасынын атынан Өзбекстандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деген ал.
Өзбекстандын өлүмү туурасында эл аралык «Фергана» маалымат агенттиги да 29-августта кечинде кабарлаган. Бирок Өзбекстандын расмий бийлиги бул маалыматты четке каккан. Ислам Каримовдун кенже кызы Лола атасынын мээсине кан куюлганын ырастаган.
Кийинчерээк «Фергананын» башкы редактору Даниил Кислов бийликтен президенттин ден-соолугу тууралуу маалыматты жашырбай, анын тирүү экенин көрсөтүүсүн талап кылган.
Өзбекстандын президентинин басма сөз борбору 28-августта кабарлагандай, Каримов стационардык дарыланууда жаткан жана толук медициналык текшерүүдөн өткөн.
Каримов Өзбекстанды өлкө СССРдин бөлүгү болуп турган мезгилинен 27 жылдан бери башкарып келет. 1989-жылы ал Өзбек ССРинин БК КПсынын биринчи секретары болот. 1990-жылы ал президенттикке келип, ошол эле убакта Өзбек ССРинин кабинет министрлигин жетектейт.
Тема боюнча: