Өзбекстан: Самаркандда «Каримовдун тажыясына» даярданышууда

«Фергана» басылмасы Самаркандда Өзбекстандын президентинин тажыясына даярдык жүрүп жатканын кабарлады. Өзбек бийлиги бул маалыматты тастыктаган жок, бирок президенттин «абалы оор» деп билдирди.

«Фергана» кабарлагандай, Каримовдун кичи мекени Самаркандда президенттин тажыясына даярдыктар жүрүүдө. Басылма көрүстөндө кандай даярдык жүрүп жатканы боюнча сүрөттөрдү тартып чыгарган.

«Өзбек лидери белгилүү тарыхый-архитектуралык Шахи Зинда эстелигине катарлаш эки бир тууганы жана энеси көмүлгөн самарканд көрүстөнүнө коюлат», — деп кабарлайт басылма.

«Фергананын» маалыматы боюнча, сөөк коюу зыйнаты 3-сентябрда болот, президенттин өлүмү туурасында бүгүн 2-сентябрда жарыялашат.

«2-3-сентябрда Өзбекстанга аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет мамлекеттердин жетекчилери келишет. Делегациялардын курамы азырынча белгисиз», — деп жазат басылма.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, Самарканддын борбору коопсуздук кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Улугбек обсерваториясынан «Сиёб» борбордук базарына чейин жол жабылып, унаалардын өтүүсүнө тыюу салынган.

Ошондой эле аталган радио Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев 1-сентябрда шашылыш түрдө Самаркандга барганын кабарлады.

Окуяны жеринен «Озодликтин» кабарчылары баяндагандай, миңдеген короо шыпыргычтар Регистан аянтынан Бибихонум мавзолейине чейинки аймакты тазалашууда.

«Оор абал»

Өзбекстандын расмий бийлиги Каримовдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай элек. Бирок гезиттер өкмөткө шилтеме жасап Каримовдун «оор абалда» экенин кабарлашты.

«Кымбаттуу мекендештер, оор кайгы менен силерге өткөн суткада президентибиздин абалы катуу начарлап кеткенин кабарлайбыз, дарыгерлердин айтымында, анын абалы оор деп бааланууда», — делет өкмөттүн билдирүүсүндө.

«Фергана» Каримовдун өлүмү тууралуу 29-августта кабарлаган. Кийинчерээк басылма кошумчалагандай, президенттин өлүмү клиникалык болуп, аны жасалма жан берүү системасына туташтырышкан болушу мүмкүн.

Каримов мээсине кан куюлгандан кийин ооруканага жаткырылган. Мындай маалыматты өлкөнүн бийлиги кабарлап, кийинчерээк Өзбекстандын президентинин кызы Лола Каримова да атасы инсульт алганын ырастаган.

Тема боюнча: «Фергана» Каримовдун өлүмү тууралуу кабарлады, Өзбекстан азырынча ырастай элек

Сүрөт: Фергана