Өзбекстан Каримовдун өлүмүн расмий жарыялады

Өзбекстандын бийлиги президент Ислам Каримовдун көзү өткөнүн расмий түрдө билдирди. Бир канча күн мурун өлкө башчысы инсульт алган болчу.

Өзбекстандын алмашпаган президенти Ислам Каримов 78 жаш курагында дүйнө салды. Бул туурасында өзбек телевидениесинин эфиринде өлкөнүн бийлигине шилтеме жасап кабарлашты.

«Катуу оорудан кийин 2016-жылдын 2-сентябрында чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер, Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Абдуганиевич Каримов көз жумду», — делет кабарда.

Каримовдун өлүмүн анын кенже кызы Лола кыйыр түрдө өзүнүн «Инстаграмында» билдирди.

«Ал бизди таштап кетти… Сөздөрдү тандап атам, өзүм да буга ишенбей турам… », — деп жазган ал.

Каримовдун өлүмү тууралуу биринчилерден болуп «Фергана» басылмасы билдирген. Алардын маалыматы боюнча Өзбекстандын президенти 29-августта мээсине кан куюлгандан кийин каза болгон. Бирок өлкө бийлиги бул маалыматты тастыктаган эмес — расмий маалыматтар боюнча Каримов инстульттан кийин ооруканада жаткан.

Каримов Өзбекстанды 27 жылдан бери, СССР мезгилинен бери башкарып келет. 1989-жылы ал Өзбек ССРинин БК КПсынын биринчи секретары болгон. 1990-жылы ал президенттикке келип, ошол эле убакта Өзбек ССРинин кабинет министрлигин жетектеген.

Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1991-жылы Каримов президенттикке шайланган. Ал президенттикке үч жолу шайланып, шайлоолордо 90 пайыздан ашык добуштарга ээ болгон.

Каримовдун бийлигинин учурундагы режимди адам укугун бузууга, кыйноолорго, оппозициянын жана эркин ММКнын жоктугуна, жарандык коомго үстөмдүк кылууга айыптап келишет.