ДКО-2016дагы үчүнчү күн: Кыргызстандыктар ат чабышта эң мыкты, Кырчында рекорддорду орнотууда

Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков

Көк бөрү боюнча финалдык таймашта Кыргызстан Казакстан менен беттешет, Бишкекке кеткен комузчу-балдар үчүн транспорт жок, Кырчында боз үйдү ылдам тургузуу боюнча мелдеш өттү — ДКОдагы үчүнчү күндүн жыйынтыгы.

Медалдык эсеп:

Кыргызстан үчүнчү орунга көтөрүлдү, Орусия лидердик позицияда сакталып турат, Казакстан экинчиде.

20160907_024422

Эки алтын медал, эки күмүш жана бир коло медалды Кыргызстандын курама командасына улуттук мергенчилилик салбуурун боюнча мелдеш алып келди. Кыргызстандыктар 80 километр аралыктагы жарышта үч медалга ээ болушту.

Кыргызстандыктар 80 километр ат чабышта баардык байгелүү орундарды ээлешти

Konnye_skachki_bOtbGTX

Кырчын жайлоосунда 80 километр аралыкка ат чабыш болуп өттү. Биринчи болуп ысык-көлдүк саяпкер Жеңиш Батыркулов келди. Анын аркасынан экинчи болуп Алмазбек Ногойбаев, үчүнчү болуп Рысбек Карыпов жыйынтыктады.

Жеңүүчүгө 400 миң сом, күмүш байге ээсине — 150 миң, ал эми коло медалга — 100 миң сом ыйгарылды.

Кыргызстан менен Казакстан көк бөрү боюнча финалда беттешет

Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков
Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков

Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча тайпалык бөлүк аяктап, финалистер белгилүү болду.

«А» тайпасындагы биринчи орунду ээлеген Казакстан «В» тайпасынын лидери Кыргызстан менен беттешет. Тайпалардагы экинчи орунду ээлеген курама командалар, Кытай жана (Орусиянын) Красноярск крайынын курама командалыры коло байге үчүн таймашышат.

ДКОнун секретариатынын кызматчысы комузчу-балдардан кечирим сурады

Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков
Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков

Мурда кабарлангандай, Оюндун ачылышындагы өнөр көрсөткөн комузчу-балдар үчүн «Манас» аба майданына конгондон кийин транспорт жок болуп калган.

Бул окуядан кийин ДКО секретариатынын кызматкери ушул жагдайга карата кечирим сурады.

«Транспортко жооптуу секретариаттын кызматкери мындай мамиле үчүн кечирим сурады. “Айгине” бул кечирим суроону баардык комузчу балдарга жана алардын ата-энелерине жолдойбуз», — деп айткан билдирүүсүндө.

Кырчында боз үйдү ылдам тигүү боюнча рекорд коюлду

Мелдешке өлкөнүн жети дубанынан, Бишкек жана Оштон келген 33 команда ат салышты.  

Бул тапшырманы эң мыкты болуп Ысык-Ата районунун өкүлдөрү аткарышты. Алар боз үйдү 10 мүнөт 16 секундда тигип бүтүрүштү. Буга чейинки рекорд 2014-жылы болуп өткөн Дүйнө элдеринин эпостору аттуу фестивалда коюлган, ал 14 мүнөт 10 секундду түзгөн.

Эң мыкты сүрөт сынагында бүткүл Кыргызстандын сүрөтчүлөрү таймашышты
Сүрөт: worldnomadgames.com
Сүрөт: worldnomadgames.com

Кырчын жайлоосунда шумкардын сөлөкөтүн түшүрүү боюнча сынак болуп өттү. Бул чыгармачылык мелдешке өлкөнүн жети дубанынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген 15 сүрөтчү катышты.

Шумкардын сүрөтүн карап, алар бир нече саат бою сүрөт тартышты.

Мелдештеги биринчи орунду Айбек Шамшиев ээледи, экинчи болуп Рамис Абылбажимов, ал эми үчүнчү орунду Асан Раимкуловго ыйгарышты.  

Жалпы байге фонду 70 миң сомду түздү.