Футбол: Кыргызстан Филиппинден 1:2 эсебинде жеңилип калды

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы филиппин командасы менен болгон жолдоштук беттеште 1:2 эсебинде утулуп калды.

Эсепти оюундун 43-мүнөтүндө филиппиндиктер ачышты. Коноктор кыргызстандыктардын дарбазасына жакын жерден аларга каршы эреже бузууга жетишишти. Ийгиликтүү аткарылган айып тобунан кийин филиппиндик жарымкоргоочу Кевин Ингресо туптуура дарбазага таамай сокку урду. Кыргызстан курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба эч кандай жардам көрсөтө алган жок.

Оюундун 53 мүнөтүндө филиппиндиктер экинчи голду уруп, өздөрүнүн жагдайын жогорулатышты. Бул жолу жарымкоргоочу Мисагх Бахадоран өзгөчөлөндү.

Эсепти өзгөртүү боюнча кыргызстандыктардын аракети оңунан чыгып, 60-мүнөттө чабуулчу Виталий Люкс дарбазачыны алдап өтүп гол киргизди.

Тема боюнча: Жолдоштук матчтар эмне үчүн маанилүү?

Оюндун экинчи бөлүгүндө кыргызстандык футболчулар активдүү прессингдерди жүргүзүштү, бирок көптөгөн мүмкүнчүлүктөр колдон чыгып жатты   

Оюндун акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандыктар каршылаштарынын айып талаасынан пенальтиге жетишишти. Филиппиндиктер Фархад Мусабековду чалып жыгышты. Бирок жоопкерчиликти алган Валерий Кичин дарбазачы Нил Этериджди алдай алган жок.

Оюн 2:1 эсебинде филиппиндиктердин пайдасына аяктады.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго курама команданы колдоо үчүн 11 миң күйөрман келди. Оюндун алдында команданын көп жылдан берки капитаны Талант Самсалиев команда менен коштошту.

Оюн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоого арналды.