Ысык-Көлдүн жээгиндеги өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюну — бул жөн гана спорттук мелдеш жана туристтер менен жергиликтүү жашоочулардын көңүл ачуулары үчүн эле эмес, кээ бир кыргызстандыктардын кошумча киреше табуу ыкмасы.
Атайын Көчмөндөр оюндары үчүн курулган ат майданынын айланасында, Чолпон-Ата шаарынын тегерегинде жергиликтүү ишкерлердин жандануусу дайыма байкалып турат. Эгер бул Оюндар шаарына мынчалык баса белгилөөлөр болбосо, жөн гана чет өлкөлүктөр менен милициянын көптүгү болмок, бул жакта ар бир кадам сайын конокторду тамактанууга же өз буюмдарын баалоого чакырышып жатышат.
Ат майданынын аймагында фуд-корт уюштурулган — чоң эмес ак алачыктарда оюндун конокторун ар түркүн тамактар менен даам сыздырып турат. Бул жерден кыргыз, дунган жана кытай ашканасынын тамактарын табууга болот, шокалад, суусундуктарды же бал муздактарды да сатып алса болот.
Мурат Иманалиев мындай күндөрү жакын жайгашкан Бостери айылында кафеде иштейт. Бул жерге кафенин ээси кичинекей филиалын ачып алган.
«Кардарларыбыз бизге жетет, анткени ат майданга кирүүнү каалагандар көп. Ага 10 миң адам батат, эгер дагы 20 миңдик салса, анда дагы жакшы келмек. Ошондуктан соода жакшы жүрүп жатат», — дейт Иманалиев.
Урмат Майрамбек уулу бул жерде «Бал Аяз» балмуздагын сатат. Анын балмуздагынын түрүн кадимки шокалад, жемиштен жасалгандар гана эмес, кымыз, курут же талкан даамданган «этнобалмуздактар» толуктап турат.
Бул жерге келиш үчүн «Бал Аяз» ишканасы апрель айында эле кыргыз өкмөтү жана Оюндун секретариаты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Фирманын азыктарына кызыгуулар арткан, ошондуктан этнобалмуздак деген аталыш көчмөндөр темасыына ылайык келген.
«Биздин азыктарга чет өлкөлүктөр чоң кызыгууларды арттырышууда. Мисалы, Европада, сарымсак же чили даамданган балмуздактар сатылууда — алар үчүн бул көнүмүш болуп калган. Ал эми кымыз, талкан, курут даамданган балмуздактар — жаңылык. Бирок бул жерден түшкөн киреше башка биз катышкан иш-чаралардан же фестивалдардан анча деле айырмаланбайт», — деп айтты Майрамбек уулу.
Фуд-корттун так ортосунда саксофондун үнү жаңырат. Эклектикалык репертуар — Кыргызстандын гимнинен баштап, классикалык жана ретро-хиттер жана «О, боже, какой мужчина!» ырлары коштоп турат.
Музыкант Эркин Керимбаев мындай күндөрү Бишкектин ресторандарында фортепианодо, саксофондо ойносо, бул оюндун жүрүшүндө атмайдандын жанында акча табууну чечкен.
Чет өлкөлүктөр жана жергиликтүү тургундар мезгил мезгили менен анын жанына токтоп кызыгып угушууда. Кээ бири буйрутмаларды берсе, кээси бийлеп да жатышат. Саксофондун футлярында бир канча 20 сомдуктар жана тыйын монеталары көрүнүп турат.
Бул Көчмөндөр оюнунан көчө музыкантынан канча акча табасын деген суроого Керимбаев «коммерциялык жашыруун сыр» деп жооп берет.
«Адамдар ичи тар жана карасанатай болушат», — деп түшүндүрөт ал.
Анын жанында Бишкектен келген кыргыз тили мугалими Махабат Осмонбекова улуттук калпактарды жана кичинекей жасалма жүндөн жасалган боз үйлөрдү сатып отурат. Анын айтымында, көчмөндөр оюнунда экинчи жолу соода кылууда, 2014-жылдагы биринчи оюнда дагы калпактарды саткан.
«Биз бул соода кылуучу орунга 10 миң сом төлөдүк. Ал эми күнүнө мен 20-30 миң табам», — дейт Махабат.
Анын айтымында, бул жумада тапкан акчасы — анын үй-бүлөөсү үчүн чоң талаш. Азыркы күнү алар Бишкекте үй салып жатышат, Ысык-Көлдөн тапкан акчасын ага жумшайт.
Ат майдандын имаратында көлөмдүү соода жүрүп жатат. Бул жакта ишкерлер үчүн атайын бутиктер бөлүнгөн. Алардын бириндеги сатылып жаткан улуттук кийимдерге, сувенирлерге эл жыгжыйма — атмайданынан көк бөрү оюнун көрүп чыккандар бул жакка агылып кирүүдө, ошондуктан бутиктин ээси менен бир эки мүнөт сүйлөшүү дагы оңой иш эмес.
Жылдыз Сатарова улуттук кийимдерди тигүү жана сатуу менен алектенет. Ал демейде тематикалык көргөзмөлөргө катышат, ал жактан буйрутмаларды кабыл алат. Ал эми азыр Оюндардан байкап көрөйүн деп чечиптир.
«Менин буюмдарым этностилде болгондуктан, негизинен кызыгууну кыргызстандыктар жана казакстандан келген меймандар арттырууда. Көп буюмдарды биз жүндөн жана жибектен жасагандыгыбыз үчүн аларга чет өлкөлүктөр кызыгууда», — дейт Сатарова.
Анын айтымында, бул мелдештердин жүрүшундө киреше болжол менен эки эсе жогору болууда.
Ат майдандын маңдайында дарбазанын артындагы жашырылган айылдын үйлөрү тарабында башка расмий эмес фуд-корт жайгашкан. Жергиликтүү тургундар бул жагдайга ылдамдык менен ылайыкташып, атайын көчмөндөр оюнуна арнап көп сандаган анча чоң эмес кафелерди ачып алышкан.
Бул жерде туристтер көнүп калгандай, көпчүлүк Ысык-Көлдүн кафелериндеги сыяктуу эле шишкебек, ашлямфу, хошан төгүлүп турат.
Бир туугандар Алмаз менен Акыл Балчаковдор башка көпчүлук кошуналары сыяктуу эле атайын Көчмөндөр оюнуна карата чатырдын алдына үч стол орнотуп чоң эмес кафе ачышкан.
«Демейде биз пансионаттардын биринде пирожки жана ашлямфу сатабыз, ал эми азыр бул жакта иштеп жатабыз. Бир күндө бизге жүздөн адам кирет. Негизгилери жергиликтүү тургундар, кээде чет өлкөлүктөр дагы — кээбири күнүгө келип түшкү тамагын жеп кетет», — дейт Балчаковдор.
Азыркы кафе турган жерге үй салууну да пландаштырып жатышат. Алардын күнүмдүк кирешеси Көчмөндөр оюнунун жүрүшүндө беш эсеге чейин өскөн. Айтымында, көпчүлүк башка мындай кафелерди иштеткендер мынчалык мактана алышпайт, анткени киреше анчалык деле жакшы эмес.
Балчаковдордун кафесине жакын жерде столбада Кыргызстандын желеги менен англисче жазуу менен «Көчмөндөрдүн боз үй хостели» деген чоң көрнөк илинип турат.
Анын ээси Санжар Сагымбеков балта менен өзү эле кыргыздын жыгач селкинчегин короодон чогултуп жасайт. Анын сөзү боюнча, буга окшогон конок үйү бар — ал бул жерден жүздөгөн чакырым аралыктагы көлдүн жээгинде турат. Көчмөндөр оюнунун коноктору үчүн Бишкекте программист-экономист болуп окуган 20 жаштагы Санжар атайын көптөгөн боз үйлөрдү алып келген.
«Тилекке каршы, биз жарнама бергенге жетише албай калдык. Ошондуктан конокторубуз аз. Оюндардын аягына чейин бизге келишет деген үмүтүбүз бар», — дейт Сагымбеков.
Анын айтымында, транспорт чыгымын, жер ижарасын, салыкты азырынча актай элек дейт. Студент Оюндун жабылышына келе турган туристердин жаңы толкунуна илгери үмүт кылып турганын айтат.
Чолпон-Атадагы жолдун боюнда жайгашкан кафелерге Көчмөндөр оюндары акча иштеп тапканга көп деле мүмкүнчүлү жараткан жок. Кафелердин жумушчуларынын айтымында, кризис жана жол оңдоо иштери, жайы бою болуп, дагы эле аягына чейин бүтпөгөндүгү кардарлардын санына таасирин тийгизген.
«Бул жылы сезон эң мыкты болгон жок. Көчмөндөр оюндары башталгандан тарта кардарлардын саны, кирешебиз албетте өстү. А түгүл оюндун катышуучулары гимнасттар да келишти», — дейт шаардын борборунда жайгашкан «У рыбака» кафесинин администратору Марина Тапаева.
Жергиликтүү ишкерлердин кирешесин жогорулатуу үчүн дагы бир аз гана күндөр калды. Сууга түшүү сезону бүтөйүн деп, ал эми аба ырыйы келерки жума күнү жамгыр жаайт деп убадалоодо.
Материал Ачык Азия онлайн менен биргеликте даярдалды.