ДКО-2016дагы төртүнчү күн: Кыргызстан медалдык эсепте лидерликке чыкты

Кыргызстан кыргыз күрөшү боюнча мелдештеги жеңишинин аркасы менен лидерликке чыкты. ДКО үчүн коллекциялык монеталар чыкты жана жабылыш салтанатына Ottawan тобу катышат. Кырчында «Кыргыз айылы» этношаарчасы жыйналып жатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун төртүнчү күнүнүн жыйынтыгы.

Медалдык эсеп:

20160908_105525

Кыргызстан кыргыз күрөшү боюнча мелдештеги жеңишинин аркасы менен лидерликке чыкты. Экинчи катарда Орусия, андан кийин Түркмөнстан.

Кыргызстандыктар кыргыз күрөшү боюнча бардык алтын медалды утуп алды

Кыргызстандык балбандар кыргыз күрөшү боюнча жети алтын медал менен курама команданын капчыгын толуктады.

Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков
Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков

Спортчулар жети салмактык категория боюнча күч сынашты. Мелдешке 26 өлкөнүн 121 өкүлү катышышты.

Жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түздү.

Эң мыкты боз үй сынагынын гран-приси Нарын дубаны ыйгарылды  

Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында эң мыкты боз үй сынагы жыйынтыкталды.

Сүрөт: worldnomadgames.com
Сүрөт: worldnomadgames.com

Жеңүүчүлөрдү тандоодо сынактык комиссия ички жана тышкы кооздугун, боз үйдүн жасалгаларын, көлөмүн жана көрүнүшүн, жасалганын сапатын  эске алып карады.  

Сынактын гран-присин жана 300 миң сомду Нарын дубаны жеңип алды, деп ДКОнун секретариатынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл дубанына биринчи орун жана 200 миң сом тапшырылды; экинчи орунду 130 миң сомдон Бишкек шаары менен Ош дубаны бөлүп алышты. Үчүнчү орунду Жалал-Абад, Чүй, Талас дубандары ээлешти, аларга 80 миң сомдон акчалай байге тапшырылды.

Этнофестивалдын сынактарынын жеңүүчүлөрү да белектер менен сыйланышты

Кырчын жайлоосунда боз үйлөрдөн турган «Кыргыз айылы» этношаарчасынын жана «Көчмөндөр дүйнөсү» фольклордук фестивалынын расмий жабылыш аземи болуп өттү.

Сүрөт: worldnomadgames.com
Сүрөт: worldnomadgames.com

Салтанатка Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министири Гүлмира Кудайбердиева, Маданият, маалымат жана туризм министири Түгөлбай Казаков, чет өлкөлүк делегациялардын, жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышышты.

Салтанаттын аягында «Кыргыз айылы» этношаарча сынагына катышкан жети дубандын, Бишкек жана Ош шаарларынын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болду.

«Көчмөндөр дүйнөсү» фольклордук фестивалынын алкагында тогуз түрдөгү сынак жүргүзүлдү: салттык кийим сынагы, салттык ашкана сынагы, тарыхый экспонат сынагы, улуттук каада салт сынагы, тарыхый инсандар сынагы, майрамдык көркөм программалар, кыргыздын салттык кол өнөрчүлүгү.

ДКОда коллекциялык монеталарды көрсөтүштү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Чолпон-Ата шаарында нумизматикалык продукциялардын жана алтын куюлмаларынын сатык-көргөзмөсүн уюштурду, деп ДКО-2016нын секретариатынын басма сөз кызматы билдирет.

Сүрөт: worldnomadgames.com
Сүрөт: worldnomadgames.com

Экспозицияны Улуттук банктын акыркы 20 жылдагы чыгарган алтын жана күмүш монеталары түздү. Коюлган экспонаттардын катарын акыркы мезгилдеги эң керектүү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» карата чыгарылган монета бар. Сатыкта дагы «Көз карандысыз Кыргыз Республикасына 25 жыл» жана эң атактуу күмүш «Жибек жолу» монетасы коюлган.

ДКОнун басма сөз борборунда жарылуучу заттарды текшерүү жүргүзүштү

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык иттери менен кабарчылардын сумкаларын жана буюмдарын текшерип чыгышты. Күч кызматкери жагдайга комментарий берүүдөн баш тартты.

Сүрөт: Спутник/Таалайбек Ороскулов
Сүрөт: Спутник/Таалайбек Ороскулов

Текшерүү оюндун жабылуу аземинин алдындагы жарылуучу заттардын бар-жогун аныктоо максатында жүргүзүлдү. Шектүү эч нерсе табылган жок.

Көчмөндөрдүн оюнун чагылдыруу үчүн 35 өлкөнүн 487 кабарчысы иш алып барды.

Оюндун жабылышында франциялык Ottawan дуэти ырдайт

Көчмөндөр оюнунун жабылыш салтанатында ырдаш үчүн франциялык Ottawan дуэти Кыргызстанга учуп келди.

Сүрөт: worldnomadgames.com
Сүрөт: worldnomadgames.com

Топтун солисти Жан-Батист Патрик мындай чоң көлөмдөгү окуяга катышканга өтө кубанычта экенин ДКОнун басма сөз кызматына берген интервьюсунда белгилеп өттү.

«Мен Кыргызстанда көп ирет болгом жана бул жакта болуу мага абдан жагат. Өзгөчө жаратылышы, тоолору жана силердин эл. Дүйөлүк көчмөндөр оюнуна карасак, мен бул ишчарага жакшы мамиле менен карайм. Мындай чоң деңгээлде өтүп жаткан майрамга күбө болуш кандай сонун», — деди ал.

Жабылыш аземинде Ottawan тобунан башка дагы жергиликтүү жана чет өлкөлүк артистер: «А’Студио» тобунун экс-ырчысы Полина Гриффис, «Город 312», Казакстандын «Аюми» (Ayumi) тобу концерт коюшат.