Оштун жаштар комитети «Китеп алмашуу» акциясын уюштурду. Ал окуучулар арасындагы китеп алмашууну көздөйт. Азыр Оштун мектептеринин 72 пайызында китептер жетишсиз.

Бул акция 5-сентябрда болду. Иш-чаранын катышуучулары 1000ге жакын китепти алмаштырууга жетишишти, атайын арзандатуу менен 300 китеп сатылды.

Оштун жаштар комитетинин башчысы Сүйөрбек Аманалиев Kloop.kgге акциянын эң башкы максаты — чоң класстардын колдонулган китептерин кийинки класстарга берүү экенин айтты. Ушундай ыкма менен мектептердеги китеп жетишсиздигин азайтабыз деп пландаштырып жатышат.

«Окуучулар келип колдонулган китептерин сатыкка чыгарып же башка китепке алмаштырып кете алышат. Биз бул акцияны адатка айланса деп ойлойбуз. Бул акцияны жыл сайын окуу жылдын башында уюштурсак деген планыбыз бар», — деди Аманалиев.

Иш-чараны Оштун биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров колдоду. Ал бул акцияга окуучулар гана эмес, студенттердин, мугалимдердин катышуусун сунуштады.

«Бул иш-чараны ар ай сайын уюштуруу керек. Бул акцияга мугалимдер, окуу жайлардын жетекчилери катышышсын. Биз дагы китептер менен гана эмес, өзүбүздүн билимибиз менен дагы алмашып турушубуз керек», — деди Аскаров.

Акциянын катышуучусу Санатбек Зарипбек уулу, мындай иш-чаралар шаардыктардын акчасын үнөмдөөгө жардам берет деп эсептейт.

«Мен окулган китептерди алып келип жаңы китепке алмаштырдым. Эгер акция тез-тез өтүп турса, анда жаңы китепти сатып алуунун да кереги жок болот, алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар», — деди ал.   

Мындан ары «Китеп алмашуу» акциясы мектептерде жана билим берүү мекемелеринде өтүп турат.

600 миллион сом керек

Оштун билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, мектептердин 72 пайызында китептер жетишпейт. Китептердин жетишсиздиги бүтүндөй мамлекетибизге тиешелүү маселе экендигин Билим берүү министирлиги бир канча жолу белгилеп келет.

Кыргызстандын баардык мектептерин китеп менен толук камсыздоого 600 миллион сом керек. Бирок мамлекеттик казынадан жаңы китептерди сатып алуу үчүн беш эсе аз өлчөмдөгү каражат бөлүнгөн.   

Август айында Билим берүү министирлиги Кыргызстандын кээ бир мектептерине ар бир китеп үчүн 15 сомдук ижара акысын алып келүүнү сунуштаган. Ижара акысы башталгыч класстардын жаңы китептеринен гана алынат.

«Бул Кыргызстандын кээ бир гана метептерин камтыган пилоттук долбоор болуп эсептелет. Мындай ижара системасы азыр ишке ашырылууда. Пилоттук долбоордун тизмегин Бишкектин кээ бир гана мектептери, Чүй, Жалал-Абад дубандарынын мектептери түзөт», — деп ведомстводон билдиришти.

Акы төлөөдөн көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, үй-бүлөдө бир же эки ата-энеси тең 1-2-топтогу майып болсо, аскерге милдеттүүлөрдүн үй-бүлөсү, укук коргоо кызматкерлеринин, жетим балдар, майып балдар жана атайын мектептерде же мектеп-интернатында окуган окуучулар бошотулат.  

«Китептердин ижара системасы ишке ашырылган мектептерде окуучулардын 90 пайызы китеп менен камсыз болгон. Ал эми жөнөкөй мектептерде 70 пайызы гана. Биз азыр бул долбоорду жөн гана карап     жатабыз, биздин божомолубуз боюнча 2017-2018-жылдагы окуу жылында старт алат. Албетте биз коомчулуктун пикирин жана мүмкүнчүлүгүн эске алабыз», — деп басма сөз борборунан билдиришти.

Азыр Билим берүү министирлиги орто мектептин окуучуларынын жөлөк пулдарынын жетишсиздигин чечип жатат. Китептердин электрондук түрүн интернетке ачык жеткиликтүү түрдө жайгаштыруу, китепти басып чыгарууга инвесторлорду тартуу, китептерди ачык сатуу болжолдонууда.

Соавтор: Сезим Каныбекова
Видео: Азат Рузиев, Дастан Үмөттегин