Кыргызстандан Риодогу паралимпиадалык оюндарга кимдер катышат?

Рио-де-Жанейродо XV Жайкы паралимпиадалык оюндар башталды. Ага Кыргызстандын атынан үч спортчу катышат: Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана Арстанбек Базаркулов.

Эсен Калиев

Кыргызстандын 14 жолку чемпиону, пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн чемпиону, жатып алып көтөрүү боюнча Кыргызстандын рекордсмени, Лондондогу паралимпиадалык оюндардагы он мыкты спортчунун катарына кирген – Калиевдин акыркы жылдардагы жетишкендиктерин кыскача мына ушинтип айтканга болсо керек.

Азаттык
Сүрөт: Азаттык

Өзүнүн эң башкы медалын 2016-жылдын февралындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чепионатта жеңип алган. Эл аралык паралимпиадалык турнир Дубайда (БАЭ) дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген 200дөн ашык спортчулардын катышуусунда өткөн.

Эсен Калиев 54 килограмм салмак категориясы боюнча жатып алып көтөрүүдө 150 килограмм көтөрүүгө жетишип, анын аркасынан жеңүүчү болгон.

Дүйнөлүк чемпионаттын алтын медалынан башка, капчыгында 2015-жылкы Европа чемпионатынын коло медалы дагы бар. Ал эми 2014-жылы Түштүк Кореяда өткөн Паразиялык оюндарда Калиев 49 килограмм салмактагы категорияда беш мыктынын катарына кирген.


Жыргалбек Орозбаев

2016-жылдагы пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалдын ээси.

adilet

Дүйнөлүк кубоктогу коло медалынан башка дагы 2014-жылкы Инчхондо (Түштүк Корея) өткөн Паразиялык оюндарынын коло медалы спотрчунун капчыгын толуктайт.

2015-жылы Венгрияда өткөн Европанын пауэрлифтинг боюнча ачык чемпионатында 107 килограмм салмактагы категорияда кыргызстандык спортчу он күчтүүнүн бири болгон.


Арстанбек Базаркулов

Берлинде 2016-жылдын 16-17-июнунда өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-приде Базаркулов ядро ыргытуу мелдешине катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Арстанбек үчүнчү орунду ээлеп, коло медал менен сыйланган. Үчүнчү орун ага Риодогу паралимпиадалык оюндарга жолдомо алууга өбөлгө болгон.

Сүрөт: Вечерний Бишкек
Сүрөт: Вечерний Бишкек

Кыргызстандыктардын оюнга катышуу жадыбалы (Бишкек убактысы боюнча):

9-сентябрь — Эсен Калиев (пауэрлифтинг, 54 килограмм), 22:00;

11-сентябрь — Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика, ядро ыргытуу), 19:00;

14-сентябрь — Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг, 107 килограмм), 19:00;

15-сентябрь — Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика, найза ыргытуу), 19:00.

Соавтор: Дарья Шушпанова