Түндүк Корея өзөктүк куралын сынап көргөнүн билдирди

КЭДРнын бийлиги, эсеп боюнча бешинчи жолку өзөктүк (ядролук) текшерүү жүргүзгөнүн билдирди, бул сюжет Түндүк Кореянын мамлекеттик телеберүүсүнө чыкты. Түштүк Корея кыйыр түрдө болуп өткөн зилзаланы ядролук текшерүүнүн натыйжасынан келип чыкты деп эсептөөдө.  

Өзөктүк текшерүү сюжетин Түндүк Кореянын (КЭДР) мамлекеттик телеберүүсү көрсөттү, деп Би-би-си таратты.

Британ телеканалы чыгрылыштын алып баруучусунуна шилтеме кылып жазгандай, КЭДР өзүнүн ядролук программасынын тарыхындагы эң кубатту куралды жардырган.

«Түндүк Кореянын жетекчилиги бомба чыгарууда эмгектенген окумуштууларга расмий куттуктоосун жиберди», — деп жазат Би-би-си.

Өзөктүк текшерүүнү Түштүк Корея жана Жапония тастыктады.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин айтымында, КЭДРдин президенти Ким Чен Ын ядролук текшерүүгө каршы эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай өзүнүн «укмуштуудай акылсыздыгын» көргөзүп жатат.

Түштүк Кореянын аскерлеринин маалыматы боюнча жардыруунун кубаттуулугу 10 килотоннаны түзүшү мүмкүн.

Токиодо билдиришкендей, Түндүк Кореяга каршы Коопсуздук кеңешинин алкагында жаңы санкцияга жетишмекчи. Жапон өкмөтү Пхеньянга «чечүүчү протест» жиберди.

«Рейтер» Жапониянын министрлер кеңешинин башкы катчысынын билдирүүсүнө таянып, премьер-министр Синдзо Абэ ведомстволорго Түндүк Кореядагы окуялар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, анализдөөнү тапшырды деп билдирет.

Түштүк Кореялык Yonhap басылмасы өкмөттөн чыккан булактарга таянып, Пхеньян өзөктүк текшерүүнү режимдин 68-жылдыгынын урматына карата жасалышы мүмкүн деп кабарлады.

БУУнун коопсуздук кеңеши жума күнү кечинде КЭДРдин жаңы ядролук текшерүүсүнө байланыштуу шашылыш отурумга чогулат.

Пекин убактысы боюнча саат 8:30да магнитудасы 5,0 балды түзгөн зилзала катталган. Кытай сейсмологиялык борборунун билдиришинче, зилзала Түндүк Корея жактан болгон жана бул өзөктүк жардыруу болушу мүмкүн.  

АКШнын геологиялык кызматы зилзаланын магнитудасын 5,3 деп баалап, силкинүү мүмкүн жардыруунун кесепетинен келип чыкты деп билдирди.

Январь айында Түндүк Корея төртүнчү жолу ядролук жана ракеталык текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Андагы жардыруунун кубаты алты килитоннаны түзгөн. Түндүк Корея ЖМКлары анда кычкылтектүү бомбанын ийгиликтүү текшерилгенин айтып чыгышкан.

Сүрөт: Gettyimage