Паралимпиада-2016: Калиев пауэрлифтинг боюнча бешинчи орунга ээ болду

Риодогу паралимпиадалык оюндарында пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн чемпиону Эсен Калиев 54 килограмм салмактагы категорияда бешинчи орунду алды.

Кыргызстандык биринчи жолу көтөрүүдө 154 килограмм салмактагы штанганы буйруп, бирок көтөрө алган эмес. Экинчи жолу Калиев дагы эле ошол салмакты бары бир көтөрүүгө жетишти.

Үчүнчү жолу Калиев 163 килограмм салмактагы штанганы буйруган, бирок көтөрүү жеңиш менен аяктаган жок. 154 килограммдык салмак спортчуга жыйынтык эсебинде бешинчи орунду алганга жол берди.

Паралимпиадалык оюндардын алтынын рекорд менен нигериялык спортчу утуп алды. Эзуруке Роланд 200 килограммдык салмактагы штанганы көтөрүүгө жетишти. Экинчи болуп 170 килограмм салмак менен кытайлык Ванг Цзиан, үчүнчүнү болуп 162 килограмм салмак менен грециялык Бакочристос Димитриос утуп чыгышты.

Пауэрлифтинг боюнча болгон таймашка 11 спортчу катышты.

Эрежеге ылайык, спортчу штанганы жатып алып колун түздөп көтөрүп, анан төшүнө түшүрүп кыймылдабаган калыпта токтотуп, кайра түптүз кылып көтөрүшү керек. Атлеттерге үч мүмкүнчүлүк берилет, кимиси канча оор көтөрсө ошол жеңет.

Сүрөт: Калиев БАЭгы дүйнөлүк чемпионатта/Азаттык