«Жаңы толкунда» кыргыз ырчысы төртүнчү орунду алды

Эл аралык музыкалык «Жаңы толкун» сынагынын үч күнүнүн жыйынтыгы боюнча Нурсултан Азыкбаев төртүнчү орунду алды.

«Жаңы толкун-2016нын» үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы боюнча Азыкбаев 414 упай чогултуп 4-орунга чыкты. Ага 3-орунга чыгыш үчүн 6 упай жетпей калган.

Биринчи орунду хорватиялык Дино Елушич жана италиялык Вальтер Риччи бөлүп алышты. Экинчи болуп украиналык Галина Безрук, ал эми грузиялык Гиорги Надибаидзе үчүнчү орунга чыкты.

«Жаңы толкунда» Азыкбаев биринчи жолу Стингдин «Shape of My Heart» ыры менен чыгып, дароо эле 16 ырчынын ичинен экинчиликке көтөрүлгөн.

Бирок сынактын экинчи күнү андан хорватиялык менен гурузиялык катышуучу ашып кетип, Азыкбаевдин рейтинги бешинчи катарга ылдыйлаган.

Үчүнчү күндүн жыйынтыгы боюнча Азыкбаев ошол эле орунда калып — ал өзү чыгарган «Менин сезимим» деген ырын аткарып, 138 упай топтоду, бирок жыйынтоочу 414 упай байгелик орунга жетпей калды.

«Жаңы толкун» — ар жыл сайын 3-9-сентябрга чейин өтүүчү эл аралык жаш аткаруучулардын сынагы. 2014-жылга чейин ал Юрмалада өтчү, 2015-жылдан баштап Сочи шаарында өтүп калды.

Бул сынак Орусияда жана чет өлкөлөрдөгү ири конкурстардын бири болуп саналат. «Жаңы толкунду» композиторлор Игорь Крутой менен Раймонд Паулс түзгөн.

Сынактын көпчүлүк жеңүүчүлөрү жана катышуучулары атактуу ырчыларга айланган. Алардын ичинен Дима Билан, Сергей Лазарев, Ирина Дубцова, Иван Дорн, Нюшаны атоого болот.

«Жаңы толкундун» тарыхында Кыргызстандын төрт аткаруучусу катышкан.

2008-жылкы сынакта ырчы Омар катышкан. Ал белорусиялык ырчы менен бирге Алла Пугачевадан атайын «Алланын алтын жылдызы» сыйлыгына ээ болгон.

2012-жылкы «Жаңы толкунда» Бек Исраилов катышып 8-орунду алган.

2013-жылкы «Жаңы толкунда» Кыргызстандын атынан Айбек Бакытбеков катышкан жана 15-катышуучунун ичинен 13-орунду алган. Юрмаладан ал MixTV телеканалына интервью берип жатып Кыргызстанды «примитивдүү өлкө» деп атап, кайра адашып алыпмын деп кечирим сураган.

Кыргызстандык Style Mix триосу 2014-жылкы «Жаңы толкунда» 10-орунду алышкан.