«Бир жолу түнү»: Табышмаксыз детектив

НВО телеканалында детективден башка дагы ксенофобиянын тарыхын жана адабияттын классиктери аралашкан жаңы «Бир жолу түнү» аттуу кичи-сериал аяктады. Kloop.kgнин баяндамачысы Азамат Өмүралиев, сериалдын баарын көрүп чыккандан соң 2016-жылы мындан мыкты сериал чыга элек деген корутундуга келди.

Детективдик жанр — бул теле экрандын ажырагыc форматындай болуп эсептелет. «Твин Пикс», «Сырдуу материалдар», «Шерлок» — ар кайсыл мезгилди атасак дагы ал жактан албетте бир-эки детективдик сериалдар табылат.

«Бир жолу түнү» (The night of) дагы — ушундай жанрдын өкүлү. Билимдүү студенттин  коркунучтуу киши өлтүрүүгө кабылганы: баңгизат соодагерлери жана өз өгөй атасы менен болгон оор мамиленин курмандыгы; жарасы күчөп бараткан жоруктуу адвокат; бири-бирине карама-каршы турган тергөөчү менен прокурор; жана башка ушул сыяктуу детектив нугундагы түрлөрү камтылган.

Башталышы дагы ушул жанрга тиешеси бар экендиги жөнүндө күмөн санатпайт. «Бир жолу түнүндөгү» тигил бакыраң жана күнөөсүз көздүү эң билимдүү студент өзү үчүн чоң отурушта жолунан адашат. Анда ага эң сулуу сезилген кызга жолугуп, ал үчүн эң кымбат жерден түн өткөрөт. Эртең менен керебеттен, албетте, өлүк табат.     

Бул жерден сериал күтүүсүз маанай жаратат. «Бир жолу түнү» — башка эмне болсо дагы, бирок детектив эмес. Саясий триллер, Кафканын «Процессиндеги» аллюзия, түрмөлүк драма. Мында интригадан башкасынын баары бар.

ep01-ss01-1920

Сериалдын очогунда «ким өлтүрдү» деген суроо эмес, башка маанидеги фундаменталдык тема турат. Бир жагынан көрүүчүгө корутунду чыгарууга өзүнө мүмкүнчүлүк берип, кээде сюжет Достоевскийге жана өлтүрүү психологиясына баргандай. Башка жагынан сериал бир аз жогоруда айтылган Кафканыкына да окшошуп, рутиналык бюрократияны кубаттуу нарративге айландырат.

«Бир жолу түнүндө» силерге башка тасмаларда же теле проектилерде коё берилип жиберген окуялардын баардыгын көрсөтөт. Голливуд жүздөгөн жолу  аларда «унчукпоо укугу жана адвокатка укугубуз бар» деп баса белгилеп келген, бирок сахнанын артына өтө сейрек өткөргөн. Көрсө, «Бир жолу түнү», өлтүрүү тууралуу интрига эмес, кагаз толтуруу, укукчуга акча издөө, участоктор арасындагы узак жолдор, сот залы менен түрмөлөр жөнүндө экен.

kinopoisk.ru

Эми бул жакшы — мындай өлтүрүүнүн жаңы, мурун болуп көрбөгөн көз карашты, иш жүзүндө башка тасмаларда эч качан көрсөтпөйт. Силер бир жолу ал түнү эмне болгонун табууга аракет кылып көргүлөчү, баары бир туура жоопту ала албайсыңар. Спойлер үчүн кечирип койгула, бирок сериал акырында да баардык картаны ачпайт.    

Бул эми клиффхенгер да, кийинки сезонго амал-айла да эмес. Анткени, чынында, кийики сезон болбойт — «Бир жолу түнү» өз алдынча жана тарыхы аяктаган кичи-сериал болуп саналат. Эгер ал улантылса, Назир Ханга каршы ишке тиешеси жок болот.

Сериалга жооптордун кереги жок, анткени ал — силер түшүнгөндөй — киши өлтүрүүчү жөнүндө эмес. Бирок «Бир жолу түнү» рутина жана криминалдык бюрократия процесси жөнүндө эмес. Ал чындыгын айтканда, баардык жагынан бүгүнкү күнгө арналган.  

Жогоруда айтылган Назир — бул кереги жок мезгилде кереги жок жерге кабылган, билимдүү, маданияттуу студент. Ооба, ал пакистандык-мусулман.

«Бир жолу түнүнүн» өзөгүндө Америкадагы ыңгайсыз абалдагы ксенофобия жайгашкан, бул маселенин актуалдуулугун ашыра баалоо кыйын. Сериал ууру кескилердин масалесин гана карабастан, жалпы душманчылык темага да токтолгон. Ал бул сүрөттү майда штрихтер менен чогултат, бул үчүн аны кайсы бир «солчул» деп айыптоого эң тамырдуу консеваторлордун дагы мээси жетпейт.

Трамп менен Алтон Стерлингдин заманында бул өтө абайлап берилген жана шайкеш келбеген жооп. Чынын айтканда, агрессияга сабырдуулук менен, ал эми пропогандага искусство аркылуу жооп бер деген ой, мына ушунусу менен корутундуланант.

«Бир жолу түнү» — бүгүнкү күн менен кошо жашаган, эки теоремага кезектеги далил. Биринчиден, бул акыркы жыйырма жылдыктагы көпчүлүк теле долбоорлорду тартып келген НВОнун капчыгы үчүн дагы бир оң көрүнүш. Экинчиден, бул сериалдар жаңы тасма деген ойго такыр эле макул эместик. Анткени 2016-жылы, «Бир жолу түнүнөн», толук метраждуу тасмалардын арасынан дагы, азырынча жакшы тең келе турган эч нерсе боло элек.

БЕРИЛГЕН БАА
«Бир жолу түнү»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
bir-zholu-t-n-tabyshmaksyz-detektivСериалга жооптордун кереги жок, анткени ал — силер түшүнгөндөй — киши өлтүрүүчү жөнүндө эмес. Бирок «Бир жолу түнү» рутина жана криминалдык бюрократия процесси жөнүндө эмес. Ал чындыгын айтканда, баардык жагынан бүгүнкү күнгө арналган.