Эмне үчүн эч кандай окуя болбогон Американын провинциясындагы трансляцияны миңдеген адамдар көрүшөт?

Американын провинциясындагы чакан шаардын башкы аянтынан тартылган видеону күн сайын миңден ашуун адам көрөт. Алардын эргүүсүнө жана көптөгөн пикирлерине эң эле жөнөкөй нерселер арзыйт. Маселен, өтүп кеткен автобус, баштыгы бар адам же минивендин кузовундагы ит. Интернеттеги жаңылыкка айланган Жексондун феномени эмнеде?

Жексон — АКШдагы 10 миң калктуу элеттик чакан шаар — дүйнөлүк желенини жаңы феномени болуп калды. Шаарды сүйүүчүлөр, тагыраак айтканда, анын башкы аянтынан алынган түз видео көрсөтүүнүн сүйүүчүлөрү өз убактысын машиналарды, өтүп бара жаткан адамдарды жана жаныбарларды эсептеп өткөргөндөн аябайт.

Интернет желесин пайдалануучуларынын өзгөчө кызыгуусун жараткан өз сүйүктүүлөрү да пайда болуп калыптыр — араба артылган аттар, ар дайым бир эле учурда көрүнүп турган шаар тургундары жана автобустар (айрыкча эгер кесилиште бир нечеси туруп алса).

Чакан шаардын жашоосуна кызыгуу Sims компьютердик оюнуна жана ар кайсы жашоо симулянтына кызыгуу сыяктуудай эле — экрандагы кадимки эле жашоо өз бөлмөбүздүн сыртындагы жашоодон да артык кызыктырып кубандырат.

А Жексондо болсо кээ бир тасмадагы каармандар кээде көрүүчүлөр менен кошо оюнга аралашып кетишет. Мисалы, шаардын шерифи өзүнүн даңкын унаадан чыгып, камерага таазим кылганда алган. Аны онлайн-көрүүчүлөр мэр кылып дайындоону тамашалап сунушташкан.

Шаардын популярдуулугу анын борбордук аянтына колдонуучулар өздөрү келип эфирдин көрүүчүлөрүнө салам жиберип турууга алып келди.

Айрым учурларда түз эфир учурунда адаттан тыш окуялар да болуп кетет — Дарт Вейдер жарык кылычы менен өтүп, курт-адам соймолоп, полиция кызматкерлери зебрада жатып кайра турушат.

Эфир убагындагы эсте калаарлык эң чоң кылмыш — жол чырактын кызыл жанганына карабай өтүп кетүү болгон. Бирок эң тынч жердин романтикалык флерин бузууга камактар жөнүндөгү, токойдогу өрттөр жана кантип аюну коркутууну үйрөткөн Жексондун башкы жаңылыктар сайты жардам берет.