Паралимпиада-2016: Базаркулов ядро ыргытуу боюнча акыркы орунду алып калды  

Кыргызстандык жеңил атлет Арстанбек Базаркулов Паралимпиададагы оюндардын F-34 категориясы боюнча 9-орунга ээ болду.

Кыргызстандыктын үч жолку аракетинин эң жакшы жетишкендиги 7,39 метр болду.

Таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган спортсмендер үчүн түзүлгөн F-34 категориясында 9 жеңил атлет катышты.

Эрежелерге ылайык, эгерде ядрону түртүү боюнча таймаштын катышуучуларынын саны сегиз кишиден ашса, анда биринчи тегеректе спортчуларга үч жолку аракет берилет да, анын жыйынтыгы боюнча мелдештин экинчи бөлүгүнө сегизи гана өтөт.

Андан кийин сегиз спортчунун кийинки үч жолку аракеттеринде жеңүүчү аныкталат. Алты жолку ыргытуудан кийин эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгону жеңүүчү деп эсептелет.

Кийинки тегерекке өтүү үчүн Базаркулов биринчи турда жок дегенде сегизинчи орунга ээ болушу керек эле. Тилекке каршы, анын көрсөткүчтөрү андан ары өтүүгө жол бербей калды.

Алтынга Мароккодон келген Ноури Азеддине (11,28 метр), күмүшкө катарлык Абдулрахман Абдулкадир (11,15) ээ болушту, ал эми колону акыркы аракетинин жыйынтыгы менен колумбиялык Валенсия Маурисио (11,10) жеңип алды.

Паралимпиадалык оюндардын 14-сентябрда боло турган кийинки  пауэрлифтинг боюнча мелдештеринде кыргызстандык Жыргалбек Орозбаев чыгат.

Сүрөт: Вечерний Бишкек/Базаркулов Оюндарга лицензияны жеңип алгандан кийин