Сирияда атышууну токтотуу келишими. Бул кантип ишке ашат?

Сирия бийликчил күчтөрү менен оппозициясынын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими 13-сентябрга караган түнү күчүнө кирди. Бул Орусия менен АКШнын чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин болууда. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча дагы эмнелер белгилүү?

Кыскача:

  • Орусия менен АКШ Сирия оппозициясы жана расмий бийлиги менен жети күнгө ок атышпоо боюнча келишим түздү;
  • Тынчтык келишими 12-сентябрда күчүнө кирди, келишимдин биринчи күнү тынч өттү;
  • Эгер келишим аткарылса, АКШ менен Орусия оппозицияны экстремисттик уюмдардан айырмалаган жана террористтик топторго карата авиасоккуларды макулдашуу боюнча координациялык борбор түзүшөт.

Кененирээк:

Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри 9-сентябрда Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Женевада жолушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сириянын аймагында бийлик менен оппозицияны жараштыруу жана экстремисттик топтор менен координациялык күрөшүү боюнча макулдашылды.

Орусия президент Башар Асаддын бийлигине, ал эми АКШ азыркы бийликтин саясатына нааразы болгон көтөрүлүшчүлөргө таасир этүүнү убадалады.

Келишимге ылайык, Сириянын өкмөтү оппозиция жайгашкан аймактарга авиа сокку урбайт, ал эми оппозициялык күчтөр (Сирия эркин армиясы) болсо согуш жүрүп жаткан жана «ан-Нусра» жана «Ислам мамлекети» менен чектешкен аймактан чыгып кетиши керек.

Сүйлөшүүлөр Орусия менен АКШнын ортосунда жүргөн болсо да ок атышуу боюнча башкы кадамды Сирия бийлиги менен көтөрүлүшчүлөр ташташы керек. «Би-би-синин» кабарлашынча, тынчтык келишиминин биринчи күнү эреже бузуусуз өткөн.

Ок атышууну токтотуу

Ок атышууну токтотуу 12-сентябрда күчүнө кирди. Ал жети күнгө созулат. Андан соң, келишимге ылайык, дагы узак мөөнөткө улантылат.

Керринин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн артындагы ой — Сирия чыр-чатагындагы зордук-зомбулуктун деңгээлин азайтууда. Согуш жүрүп жаткан убакыт аралыгында арт-аткылоо жана бомбалоо миңдеген жөнөкөй жарандардын өмүрүн алып кеткен.

Келишимдеги эң негизги нерсе — бул анын орундатылышы. Анткени буга чейинки аракеттер ийгилисиз болуп калган. Чыр-чатактын тараптарына таасир этүү рычактарына ээ болгон Орусия жана АКШ келишим орундалат деп убадалоодо.

Vox.comдун серепчиси Зак Бошам жазгандай, тынчтык келишимин аткаруудагы негизги көйгөй — бул Асад көтөрүлүшчүлөр менен күрөшүү үчүн негизги курал деп эсептеген Сириянын авиациясы.

«Эгер Асад ок атышууну токтотуу келишиминин көтөрүлүшчүлөргө каршы авиа соккулардан пайдасы көбүрөөк деп эсептесе, [...] анда Орусия аны токтотуу үчүн эч нерсе деле кыла албайт», — деп жазат серепчи.

«Өзүнүкүн» жана «өзгөлөрдү» аныктоо

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар Сириядагы экстремисттер менен күрөшүү үчүн бомбалоонун бутасын аныктап алышы керек. «Ислам мамлекети» боюнча баары түшүнүктүү — эки тарап тең бул уюм менен күрөшүү керек экени боюнча бирдей пикирде. Ал эми көтөрүлүшчүлөр менен жагдай башаламан.

Сирия өкмөтү аларды террорист деп атап бомбалоодо — бир жагынан бул чындыкка туура келбейт. Зак Бошам жазгандай, көтөрүлүшчүлөр «Жабхат ан-Нусра» экстремисттик уюму менен тыгыз байланышта жана аны менен Асадды тактан кулатуу боюнча жалпы максаты болгондуктан кызматташат.

Көтөрүлүшчүлөр «Жабхат ан-Нусра» менен кызматташууну токтотуусу керек болот. Аталган уюм буга чейин «Аль-Каида» экстремисттик тобунун бир колу болуп келген, бирок андан «Жабхат Фатх аль-Шам» деген аталыш менен бөлүнүп кеткен.

Foreign Affairs журналынын серепчилери Давид Гартенштейн-Росс менен Томас Жослин белгилегендей, «Жабхат ан-Нусранын» «Жабхат Фатх аль-Шамга» айланышы уюмдун «Аль-Каидадан» чындыгында бөлүнүп кеткенин билдирбейт.

Эгерде АКШ жана Орусия оппозицияны террористтерден бөлүп ажырата алса, анын ичинде аймактык жактан да, анда өлкөлөр Сириянын аймагында экстремисттик уюмдарды жок кылуу боюнча аскердик операцияларды башташат.

Орусия менен АКШнын биргелешкен аскердик операциясы сирия чыр-чатагынын тарыхындагы алгачкы кызматташуусу болуп калат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр экстремисттерге каршы авиа соккуларды бирге макулдашып ура турган координациялык борбор ачышмакчы.

Мурдагы келишимдер жана алардын бузулушу

Сириядагы ушундай эле тынчтык келишими 26-февралда күчүнө кириши керек болчу. Анда АКШ менен Орусия өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча макулдашышкан.

Орусиялык Хмеймим базасында каршылашкан тараптарды жараштыруу боюнча борбор ачылган. Бирок келишим болсо бир канча апта ичинде бузулган. Ал үчүн тараптар айыпты бири-бирине шылташкан.

Сирияда 2016-жылдын жазында дагы «тынчтык» режими белгиленип, бирок «Лива Айман», «Жебхат-ан-Нусра» жана «Ажнад аш-Шам» террористтик топтору тарабынан бир канча жолу бузулган.

Сирияда ким ким менен согушууда?

Сирияда жарандык согуш беш жылдан бери уланууда. Ага 2000-жылы бийликке келген Башар Асаддын демократиялык жана экономикалык реформаларды жасоону убада кылып, бирок бир жылдан кийин аткарылбай калганы себеп болгон.

2011-жылы нааразы болуп чыккандарга каршы күч колдонуп, аларды «куралдуу криминалдык топтор» деп атаган. Өзгөчө тынч райондордо эч кандай түшүндүрүүсүз эле электр жарыгы жана суу өчүрүлгөн.

Сирия оппозициясы козголоң чыгарып, бул жарандык согушка айланып кеткен — Орусия менен АКШ кызыкдар тараптар катары ага аралаша баштаган.

Орусия Иран менен бирге Башар Асаддын расмий бийлигин, АКШ оппозиционерлерди колдой башташкан. Аймакта үчүнчү согушкан тарап болуп «Аль-Каиданын» согушкерлери 2011-жылдын жайынан тарта Сириянын аймагына кире баштаган.

Алардын айрымдары «Жебхат ан-Нусра» террористтик тобун түзүп, кээлери болсо «Ислам мамлекетине» биригип кетишкен. «Жебхат ан-Нусра» Башар Асаддын бийлигине да, ИГИЛге да каршы согушууда. «Ислам мамлекетине» ошондой эле Сирия эркин армиясынын дээрлик бир бөлүгү болгон «Ислам фронту», «Хезболла», «Ислам революциясынын сакчылар корпусу», «Талибан» террористтик уюмдары каршы турушат.

Сириянын түндүгүндө расмий бийликтин басмырлоосуна кабылган күрт элдик өзүн-өзү коргоо отряды жайгашкан. Анткени алар 2011-жылдагы козголоңдо оппозицияны колдошкон болчу. Бирок 2015-жылдын октябрында күрттөр расмий бийлик менен «Ислам мамлекети» террористтик уюмуна каршы биримдик түзүшкөн.

Согуштун кандай кесепеттери болду?

Жарандык согуш тутанган беш жылдан бери чейрек миллиондон ашуун Сириянын жараны өлкөдөн качып чыгып, Европадагы качкындардын кризисинин себеби болуп калды.

Сирия мониторинг борбору кабарлагандай, 2015-жылдын соңуна карата Сириядагы жарандык согуштун жүрүшүндө каза болгондордун саны болжолдуу 300 миң адамга жеткен.

Алардын ичине 69 миңи — жөнөкөй жарандар, 11 миңден ашууну балдар жана жети миңден ашууну аялдар. Калгандары согушка түздөн-түз катышы бар делген адамдар.

Сүрөт: Kurdishstruggle