Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан беш адам көз жумду

Жүк ташуучу унаа менен жеңил автомобиль Бишкек-Ош жолунда сүзүшүп, кырсыктан беш адам, анын ичинде эки бала каза болгон. Жети адам ооруканага жаткырылган. ӨКМ кабарлагандай, кырсыктын келип чыгышынын себеби ылдамдыктын жогорулашы болушу мүмкүн.

Жол кырсыгынын натыйжасында Бишкек-Ош унаа жолунда беш адам каза болуп, жетөө ооруканага жаткырылган. Каза болгондордун арасында эки бала, эки аял жана бир эркек киши болгон.

Кырсык Бишкек-Ош жолунун 378 километринде, Каракөл шаарынын аймагында 13-сентябрда катталган. «Тойота Эстима» менен «Хово» жүк унаасы сүзүшкөн.

97287-b0b800c1cfd8967a008abb3d25846fbf-500

Түштүк аймагы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борборунун кызматкери Мухаммед Сваров Kloop.kgге билдиргендей, окуянын себептери Жалал-Абад облустук Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан териштирилүүдө.

«Кырсыктын себеби “Тойотанын” айдоочусунун ылдамдыкты жогорулатканы болушу мүмкүн. Ал унааны башкара албай, “Ховону” сүзүп алган. Жеңил унаа жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылган», — деди ал.

Сваров кабарлагандай, кырсыкка 14 адам кабылып, ичинен беши окуя болгон жерде көз жумган жана дагы жетиси ар кайсы даражада жаракат алган.

97289-c028dda39525fc77fa3ca4ed69288e92-500-1

«Жолдон өтүп бараткан унаалар менен үчөөнү Каракөлдөгү шаардык ооруканага жеткиришкен. Дагы төртөөнү шаардык ооруканага окуя болгон жерге келген патрулдук милиция кызматкерлери алып барышкан», — деди ал.

Жол кырсыгында каза болгондор:

— Атабек кызы Айгерим , 2000-жылы туулган;
— Эсенов Батый Эркинович, 2007-ж.т.;
— Эсенова Айжан Эркиновна, 22-май 2016-ж.т.;
— Полотова Асель Манасбековна, 1981-ж.т.;
— Кыпчакбаев Эркин Эсенович, милициянын капитаны, Кара-Суу РИИБнин участкалык инспектору.

Жабыркагандар боюнча маалыматтар такталууда. «Хово» жүк ташуучу унаасында болгон эки адам жабыр тарткан эмес.

Сүрөт: АКИпресс