Паралимпиадачылар 1500 метрди олимпиада чемпионунан да ылдам чуркап өтүштү

Риодогу Паралимпиадалык оюндардын 1500 метрлик акыркы жарышында төрт паралимпиадачы мыкты көрсөткүчкө жеткен. Алар ушул эле спорттун түрү борюнча олимпиадалык чемпион  Мэттью Центровицти артка калтырышкан.

Акыркы чуроо жарышы T-12 (10% чейин көрүү мүмкүнчүлүгү болгон атлеттер) жана Т-13 (буюмдарды алты метрден аз аралыктан көрө алгандар) классындагы спортчулардын арасында өткөрүлдү.

Алтын медалды 3:48,29 жыйынтыгын көрсөткөн жана жаңы дүйнөлүк рекорд койгон алжирдик Абделатиф Бака багынтты. Күмүш медалды эфиопиялык Тамир Демисске (3:48,59) тагынса, а коло кениялык Генри Кирва (3:49,59) буюрду.

Сүрөт: tjournal.ru
Сүрөт: tjournal.ru

Паралимпиадачылар Риодогу олимпиада чемпионатынын жыйынтыктарын артка калтырышты. Америкалык Мэттью Центровиц1500 метр аралыкты 3 мүнөт 50 секундда чуркап өткөн болчу.

Төртүнчү орунду алып калган алжирдик Фуад Бактын жыйынтыгы да Центровицтин көрсөткүчүнөн жогору болгон — 3 мүнөт 49,59,5 секунд.

Сүрөт: livesport.ru / Мэттью Центровиц Риодогу Олимпиадада
Сүрөт: livesport.ru / Мэттью Центровиц Риодогу Олимпиадада

Америкалык Fox Sportтун белгилешинче, спорттун бул түрүндө натыйжа көбүнесе чуркоонун катышуучулары колдонгон ыкмадан көз каранды болот.

Центровиц жеңип алган акыркы чуркоо жарышында спортчулардын бири да лидердик ролду өзүнө албагандыктан улам топтун да жалпы ылдамдыгы салыштырмалуу жай болгон.