Видео: Бешбармак кантип даярдалат?

Бешбармак — кыргыз улуттук ашканасындагы негизги тамактарынын бири. Ошондой эле ал көпчүлүк түрк элдеринин да тамагы болуп саналат. Kloop.kg бешбармакты кантип тез жана оңой даярдоону көрсөтүп берет.

Бешбармак эки сөздөн турат: «беш» жана «бармак». Мындай аталыш көчмөндөрдө ашкана буюмдарын колдонбой, тамакты кол менен жегенинен келип чыккан.

Бешбармак даярдоо үчүн төмөндөгүлөр керектелет:

  • 500 грамм эт;
  • 300 г. ун;
  • 1 пияз;
  • 1 жумуртка;
  • туз;
  • кара мурч.

Этти жууп 1,5 литр сууга салып кайнатуу керек. Суу кайнаганда бир аш кашык туз салынат. Этти эки саат кайнатуу керектелет.

Камыр үчүн 300 грамм ун, бир чай кашык туз жана 150 милиграмм сууну аралаштырып, ага бир жумуртка кошуп жууруу керек. Андан соң камырды жаап, 15 мүнөткө тыныктырыңыз.

Камырды жайып, ун сээп, аны кайра түтүк сыяктуу кылып ороңуз. Кийин ичке шакекче кылып кессеңиз, бешбармактын кесмеси даяр болот.

Эми пиязды тазалап, аны жарым шакекче формасында кесүү керек. Пиязды идишке салып, бир чай кашык мурч кошуп, чык үчүн үстүнө бир чөмүч эттин шорпосун куюңуз. Пиязды отко 7 мүнөткө коюп коюңуз.

Ал кайнаганча шорподон этти чыгарып, ордуна кесмени салыңыз. 5-7 мүнөт кайнап бышышы керек болот.

Чыгарылган этти майда тууроо керек. Бышкан кесмени башка идишке чыгарып, пияз кошулган чыкты жана тууралган этти кошуу керек.

Бешбармак даяр. Чыныга шорпосун өзүнчө куюп дасторконго койсоңуз болот.

Тамагыңыз таттуу болсун!

Видео: Александра Ли, Азат Рузиев, Тилек Бейшеналы уулу.