Паралимпиада-2016: Орозбаев пауэрлифтинг боюнча алтынчы орунду алды

2016-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын ээси, кыргызстандык Жыргалбек Орозбаев Риодогу Паралимпиадалык оюндарда пауэрлифтинг боюнча 6-орунду алды. Спортчу 107 килограмм салмак категориясында катышкан.

Биринчи беттеште кыргызстандык спортчу 203 килограмм салмакты көтөрүүгө күчү жеткен. Бирок Орозбаевдин кийинки 2 жолку аракетин ийгилик коштогон жок. Орозбаев 211 килограмм салмакты көтөрүүгө белсенген, бирок спортчунун максатын таш капты.

203 килограмм салмакты көтөрүү менен кыргызстандык спортчу 6-орунду багындырды.

Паралимпиадалык оюндарда рекорддук көрсөткүч менен грециялык Павлос Мамалос алтын медаль тагынды. Ал 238 килограмм штанганы көтөрө алган.

Ал эми күмүш болсо египеттик спортчу Ахмед Мохамеддин капчыгында (233), колону Ирандык Садехзадесалмани илип кетти (226кг).

Пауэрлифтинг боюнча мелдеште 107 килограмм салмактык категорияда 10 спортчу күч сынашкан.

Эреже боюнча, спортчу штанганы жаткан абалда көтөрүшү керек, андан ары көкүрөккө түшүрүп, бир аз кармап туруп, анан дароо өйдөгө көтөрүү зарыл.

Атлеттерге 3 мүмкүнчүлүк берилет, эң оор салмакты көтөргөн спортчу жеңишке жетет.

Риодо кыргызстандыктардан акыркы болуп жеңил атлетчи Арстанбек Базаркулов мелдешке чыгат. Ал салмоор таш ыргытуу боюнча күч сынашат. Мелдеш 15-сентябрда бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө болот.