Атамбаевдин Кой-Таштагы жери жана үйү. Документтерден эмнелер белгилүү?

Президент Алмазбек Атамбаев «Дастан» заводунун 27,5 гектар жерин өз атына документтештирип, азыр ал жерге үй куруп жаткандыгын депутат Өмүрбек Текебаев айтып чыкты. Мунун чындыгы барбы?

Текебаев мындай билдирүүсүн 15-сентябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты. Атамбаев «Дастан» заводунун менчигинде турган Кой-Таш айылындагы жерди азыркы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аялы аркылуу документтештирип алганын белгилейт.

14379786_1100127696737520_2162250230018060176_o

Атамбаевдин тарапташтары президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов жана КСДП партиясынын лидери Иса Өмүркулов да Атамбаев Кой-Таштан жер алганын тастыкташкан.

Бирок алардын айтуусунда, Атамбаев жерди өз акчасына сатып алып, үйдү да өз каражатына куруп жатат. Ал эми жердин аянты 27,5 гектардан аз экендигин билдиришет.

Аткаминерлердин билдирүүсүнөн башка, Атамбаевдин жери жөнүндө дагы эмнелер белгилүү?

Атамбаевдин жери

Атамбаев Кой-Таштан айыл чарба үчүн арналган жерди жерди 1 миллион сомго ижарага алгандыгы тууралуу документтерди Kloop.kgге мамлекеттик каттоо кызматы көрсөттү.

skrinshot-15-09-2016-161705

Бирок жердин аянты 27,5 гектардан бир кыйла аз — бул 500 чарчы метрден үч жер тилкеси, же жалпы 0,15 гектарды түзөт.  

27 гектар — бул Бишкектеги  «Спартак» стадионунун 18и. Ал эми 0,15 гектар мындай стадиондун болгону ондон бир бөлүгү.  

Демек, же Текебаев эсептен адашып жатат, же Атамбаевдин жеринин калганы мамлекеттик каттоо кызматына катталган эмес, же жерлер президенттин атына жазылбаган.

asha-dom-1

Ошону менен бирге, документте көрсөтүлгөн мүлк ээлеринин алмашуусу Текебаевдин сөзүнө дал келүүдө.

Документтерге ылайык, 2008-жылдан 2012-жылга чейин жерди «Дастан» заводу ижарага алып турган, бирок кийин жер Анарбек Укуев деген адамдын атына өтүп, анын менчигинде үч жыл бою турган.

Андан соң 2015-жылдын мартында Укуевдин жерин Айнура Ибраимова убактылуу пайдалануу үчүн алган. Текебаевдин айтымында, ал — Бишкектин азыркы мэри жана «Дастан» ишканасынын мурдагы төрагасы Албек Ибраимовдун жубайы.

Жер 2015-жылдын май айында президент Алмазбек Атамбаевге эң аз үч жылга 1 миллион сомго ижарага өткөрүлүп берилген.

Бирок ошону менен бирге эле расмий документтерден жердин менчик укугу кимдин атына таандык экени белгисиз бойдон.

Атамбаевдин үйү

Регистрдеги документтерден Атамбаевдин жеринин так жайгашкан орунун билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок «Азаттык» радиосунун журналисттери президенттин курулуп жаткан үйүн тапканын мурдараак айтышкан.

Үйдүн картадагы орду:

asha-land-1

Google Maps сервисинин жардамы менен караганда, жердин аянты болжолдуу 500 чарчы метрди түзөөрүн болжолдоого болот. Бирок бул 1 миллион сомго ижарага алынган дал ошол 500 чарчы метр жерби — белгисиз.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаеванын айтымында, Атамбаев ижарага алган дыйкан чарбасына берилген жерлерге имарат курганга болбойт. Ал үчүн кийинчерээк жерди тартып алуу шарты менен административдик жоопкерчилик каралган. Дыйкан чарбасына ылайыкталаган жерлерге бир гана дыйкан чарба продукцияларын өстүрүүгө болот.

Ошондуктан, эгерде президенттин үйү курулуп жаткан жер тилкеси документтерге төп келсе, анда Атамбаев Жер кодексин жана «Дыйкан чарбасына берилген жерлерди бакшаруу боюнча» мыйзамды бузууда.

Дыйкан чарбасына ылайыкталган жер тилкесинде имаратты мыйзамдуу салуу үчүн бул жерге өкмөттүн токтомунунун негизинде трансформация (бир категориядагы жерден кийинкисине) жасалышы керек болчу.

Курулуп жаткан үй бул абалында жок дегенде 2015-жылдын аягынан бери турат. Өткөн жылдын ноябрында бул имарат Google Street View сервиси үчүн тартып жүргөн Googleдын автомобилинин объективине түшүп калган.

Ал 2015-жылдын ноябрында мындай көрүнүшкө ээ болчу:

asha-house-1

Якупбаеванын айтымында, чиновник, анын ичинде президен да, эгерде кирешеси жол берсе жана тиешелүү убакыт аралыгында кирешеси декларацияда көрсөтүлгөн болсо, кыймылсыз мүлк сатып ала алат.

«Ошону менен бирге кыймылсыз мүлк сатып алуу же ижарага алуу сыяктуу бардык мыйзамдык талаптар аткарылышы керек болот», — деди юрист.

Атамбаевдин кирешеси 1 миллион сомго жер тилкесин сатып алууга жол берет — өткөн жылы президент 1,3 миллион сом айлык жана 7,5 миллион сом акча салымдарынын пайыздарын алган.

Анын декларациясына ылайык, президенттин менчигинде 2,7 жана 6,4 гектар жер тилкелери бар.

Соавтор: Даниил Ляпичев