Мамкаттоо: Атамбаев Кой-Таштагы жерди 33 миллион сомго сатып алган

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда билдиргендей, президент Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго өзү сатып алган 2,7 гектар жер тилкеси таандык.

«Ата Мекендин» отурумунда Сарпашев Кой-Таш айылында Атамбаевге таандык болгон жер тилкесинин ээлеринин алмашканы боюнча түшүндүрмө берди. Аталган жер аянтынын мыйзамдуулугу боюнча маселени «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда көтөргөн.

Мамкаттоонун башчысынын айтымында жер тилкесинин ээлеринин алмашуу хронологиясы:

1999-жыл: 2,7 гектар жер участогу «Дастан» ААКсына таандык болгон;

2002-жыл: Жер тилкеси Аламүдүн районунун кадастрына киргизилген жана «Дастандын» карамагында кала берген;

2004-жы: Султан Табалдиев 0,3 гектар участокту сатып алып, өзүнүн баласы Каныбек Табалдиевге жаздырган;

2008-жыл: «Артстройдизайн» ЖЧКсы жерди 26 миллион 700 миң сомго сатып алган. Бирок бул каражат «Дастан» ААКсынын эсебине келип түшкөн эмес;

2010-жыл: Соттун чечими боюнча жер тилкеси «Дастан» ААКсына өткөрүлүп берилген;

2012-жыл: Анарбек Укуев аттуу бир адам «Дастан» заводунан 2,4 гектар жерди 22 миллион сомго жана 0,3 гектарды 2,3 миллион сомго Каныбек Табалдиевден сатып алат;

2015-жыл: Укуев 2,7 гектар жерди Айнура Ибраимовага (Текебаевдин айтымында, Бишкек мэри Албек Ибраимовдун жубайына) 24 миллион сомго сатып, Ибраимова документтерди алат;

12-май 2015-жыл: Атамбаев бул жер тилкесин 33 миллион сомго сатып алат.

Текебаев отурумда кошумчалагандай, Атамбаев 2011-жылдын 24-апрелинде «Дастан» ААКсынын башчысы кылып «өз кишиси Албек Ибраимовду» дайындаган. Бишкектин азыркы мэри «Дастандын» төрагалык башкаруусунда 2012-жылга чейин болгон.

«Мен бир да чарчы метр жер тилкесин менчиктештирген жокмун, а Атамбаев ондогон гектар жерди жана көп кабаттуу имараттарды менчиктештирип алды […] Металл чөйрөсүндө иштеген балдар анын заводдон станокторду Кытайга темирге сатып жибергенин айтышты. Ошондо Албек Ибраимов тараза туруп, баарын көзөмөлдөгөн», — деди Текебаев.

Ал кошумчалагандай, эгер президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов аны сотко берсе, Сарпашев бул иш боюнча күбө болот.

Текебаев 15-сентябрдагы басма сөз жыйынында билдиргендей, Атамбаев өзүнө Кой-Таш айылындагы «Дастан» заводунун 27,5 гектар жерин өткөрүп алган. Депутат муну «коррупциянын классикалык үлгүсү» деп атады.

Текебаевдин айтымында, бул жер тилкеси азыркы Бишкек мэри Албек Ибраимовдун жубайына таандык болгон. Текебаевдин божомолунда, Ибраимовдун кызматка ээ болуусу үчүн жер Атамбаевдин атына өткөрүлгөн болушу мүмкүн.

Текебаевдин жер тилкеси боюнча билдирүүсүнөн кийин Атамбаев Башкы прокуратурага алынган маалыматтар боюнча «максималдуу түрдө аз убакыттын ичинде» текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Тема боюнча: Атамбаевдин Кой-Таштагы жери жана үйү. Документтерден эмнелер белгилүү?

Соавтор: Александра Титова