Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммити кандай өттү?

Шериктеш өлкөлөрдүн 25 жылдыгына арналган КМШ мамлекет башчыларынын саммити 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өттү. Анда, шериктеш мамлекеттердин мындан аркы кызматташуу жана достук мамилелери тууралуу сүйлөшүлдү.

Кыскача:

  • Лукашенко 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин биринчи жолу Кыргызстанга келди;
  • Путиндин кечигип келүүсүнөн улам саммит кеч башталды;
  • Украина, Өзбекстан, Түркменстан жана Молдованын өлкө башчылары саммитке келишкен жок;
  • КМШ өлкөрүнүн саммитинде кол коюлган документтер;
  • Украина элчиси менен Орусия президентинин Крым маселеси боюнча талашы.

Кененирээк:

2010-жылдагы ыңкылаптан соң, Лукашенко биринчи жолу Кыргызстанга келди.

КМШ мамлекеттеринин башчыларынан биринчилерден болуп Белоруссиянын президенти Лукашенко келди. 2010-жылдагы ыңкылаптан соң, ал Бишкекке биринчи жолу келип жатат. Ыңкылапты Лукашенко «конституциясыз бурулуш» деп атап, өлкөдөн качып үлгүргөн Курманбек Бакиевге саясий баш паанек берген.

Мына ушул себеп менен 2013-жылы Алмазбек Атамбаев Минскиде өткөн КМШ мамлекеттеринин саммитине катышуудан баш тарткан. Бул жөнүндө расмий түрдө эч кандай билдирүү болгон эмес, бирок коомчулук Лукашенкого болгон таарыныч деп жоромолдошкон.

Путиндин кечигип келүүсүнөн улам, саммит кеч башталды

Саммиттин башталышы саат 16:00гө белгиленген, бирок 18:00гө жылдырылды. Бул чечим Орусия президенти Владимир Путиндин кечигип келүүсүнө байланыштуу кабыл алынган.

Москвадагы аба-ырайына байланыштуу орус президентинин учагы бир кыйла кармалып туруп калган. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Украина, Өзбекстан, Түркменстан жана Молдованын президенттери саммитке келишкен жок.

Украинанын президенти Петр Порошенконун ордуна Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко келди. 2014-жылы Украина тарап көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинен чыгууну жарыялаган.

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев саммитке келген жок. Президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдиришинче, Мирзиёев 4-декабрда Өзбекстанда өтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу келе албай калган.

Ал эми Түркменстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов саммитке келе албастыгын 12-сентябрда эле билдирген. Ал Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөсүндө саммит күндөрү боло турган конституциялык өзгөртүүлөргө байланыштуу келе албастыгын айтып, кечирим сураган.

Молдова президенти Николае Тимофти премьер-министр Павел Филипти жиберген. Себеби, бул өлкө келишимдин экономикалык бөлүгүнө гана кол койгон.

КМШнын саммитинде кол коюлган документтер

ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, саммит башталаар алдында президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2-сентябрда көз жумган Өзбекстан президенти Ислам Каримовду эскерүү болду.

Ачык талкууда мамлекет башчылары КМШнын 25 жылдыгы менен бири-бирин куттукташып, саммиттин маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшүлдү.

Саммиттин катышуучулары баңгизаттарды жүгүртүүгө, эл аралык терроризмге, 2016-2020-жылдар аралыгында маалымат технологияларынын жардамы менен уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү керектигин сүйлөшүп, келишимдерге кол коюшту.

Андан сырткары, Шериктеш өлкөлөр заманбап реалдуулукка көнүшүү тууралуу да кеп кылышты.

Украин элчиси менен орус президентинин Крым боюнча талашы

РБК каналы билдиргендей, саммит учурунда Украина элчиси Николай Дорошенко менен орус президенти Владимир Путиндин ортосунда Крым маселеси боюнча талаш жаралды.

Дорошенко Москваны Крымды аннексиялоого айыптап, кийинки саммитке башчылык кылууну Орусияга ишенбөө керектигин айтып чыкты. Ал эми Путин Крымдын Орусияга кошулуусу — Украинадагы белгилүү бир саясий күчтөрдүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасы деген жообун узатты.

«Орусия эч нерсени аннексиялаган жок. Крым Украинадагы белгилүү бир саясий күчтөрдүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин жыйынтыгында Орусияга каратылды. Бул иш-аракеттер кырдаалды мамлекеттик бурулушка чейин жеткирди. Крымдын аймагында жашаган элдин ыктыяры менен Крым Орусиянын карамагына өттү. Андан сырткары, Украина КМШнын эч кандай уставына кол койбой, ратификацияланган эмес. Ошондуктан, бул түзүлүштүн ишин алып барууда кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү да киргизе албайт», — деди Путин.

2017-жылы КМШнын жетекчиси болуп, Молдованын кезеги келгендигине карабастан,  бир добуштан Орусия тандалып алынды. Молдованын бийлиги саммиттин каржы маселесин көтөрө албайбыз деген жүйөө менен уюштуруудан баш тартты.

2015-жылы КМШ мамлекеттеринин саммити Казакстанда, Астанада өткөн. 2014-жылы өлкөнүн чыгышында башталган согуштук аракеттерге байланыштуу Украина саммитти өткөрө албай калган. Украинанын ордуна Белоруссия саммитти жетектеген болчу.

КМШ мамлекеттеринин саммити — бул жыл сайын өтүүчү Шериктеш өлкөлөрдүн башчыларынын жолушуусу. Анда КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүлөт. Саммитти жыл сайын өткөрүүнү СССРдин курамына кирген мамлекеттер көзөмөлдөшөт. КМШга Советтер Союзунун курамындагы 15 мамлекеттин 11и кирген.

Сүрөт: Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы