Нью-Йорктун борборундагы жарылуу. Эмнелер белгилүү?

Манхэттендин түндүк-батышында болгон жарылуудан 29 адам жабыркады. АКШ полициясы 18-сентябрь күнү колдо жасалган эки жарылуучу затты таап чыккан. Бийликтегилер бул тууралуу үн ката элек.

Кыскача:

  • Жарылуу Нью-Йорктун Челси аймагында болгон. Нью-Йорктун өрт департаменти билдиргендей, 29 адам түрдүү жаракаттарды алышкан;
  • Нью-Йорктун мэри жарылуу кылдат пландын негизинде болгонун айтты. Полиция колдо жасалган эки жарылуучу затты тапкан;
  • Жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок.

Манхэттендеги жарылуу

Reuters маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, Нью-Йорктун Челси районунун борбордук көчөлөрүнүн биринде, Манхэттендин түндүк-батышында 17-сентябрда жарылуу болгон. Жарылуудан 29 адам түрдүү жаракаттарды алышкан, курман болгондор жок.

Жарылуу Нью-Йорк убактысы боюнча саат 21:00дө болгондугун өрт департаменти билдирди. 23-кварталда таштанды таштоочу урна жарылган, жарылуунун видеосу Нью-Йорк полициясынын твиттер-аккаунтуна жүктөлгөн.

Бул убакта Манхэттен туристтер жана эс алып жаткан шаардыктарга толуп турат. Жарылуу үйлөрдүн айнектерин талкалап, автоунааларга зыян келтирген. Күбөлөр катуу силкинүүнү сезгендиктерин жана жакынкы аймактарды ак түтүн каптап кеткенин айтышкан.

Эки жарылуу пландалган

Челси полициясы 27-кварталда жолдорду жабуу менен иликтөө жүргүзгөн учурда, жарылбай калган экинчи жарылуучу затты табышкан.

Колго жасалган жарылуучу зат басымды кармап туруучу идиште болуп, кара түстөгү чубалгылар сыртка чыгып турган. Мындай жарылуучу зат Бостон марафонунда да колдонулган.

Нью-Джерсиде да 17-сентябрь күнү эрте менен жарылуу болду. Түтүккө жасалган жарылуучу зат менен Сисайд-Паркта боло турган кайрымдуулук жарышынын маршрутунда жардыруу пландалган. Жарылуудан жабыркагандар болгон жок, иш-чара кийинкиге жылдырылган. Нью-Джерси менен Манхэттендеги жарылуулардын байланышы барбы-жокпу аныктала элек.

Нью-Йорктун мэри: Манхэттендеги жарылуу кылдат пландалган

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио, Челсидеги жарылуу «алдын ала пландалган» болуп, терроризмге эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи. Ал шаарга карата террористтик коркутуулар буга чейин болгон эместигин айтты.

Республикачылардан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп минтип айтат: «Биздин дүйнөдө жана биздин мамлекетте мындай көрүнүштүн орун алып жатканы абдан кооптуу. Биз күчтөнүшүбүз керек, акыл калчап, сак туруубуз зарыл. Ошондо гана мындай нерселерге чек коё алабыз».

Анын каршылашы демократтардан президенттике ат салышып жаткан Хиллари Клинтон «Нью-Джерсидеги жана Нью-Йорктогу террордук акттарга» «Ислам мамлекетин» күнөөлөп, АКШ бул уюмга карата сокку уруусу керектигин белгиледи.

Жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок  

АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандын элчилиги Нью-Йорктогу жарылуудан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендигин билдиришти. Бул тууралуу 18-сентябрь күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы  билдирүү таратты.

Сүрөт: Abc News