Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттик комитетте кызуу талаш жаратты

«Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова «референдум» жөнүндөгү мыйзамга каршылыгын көрсөтүп, парламенттик комитеттин жыйынынан чыгып кетти. Бул мыйзам долбоору элдик добуш берүүнү уюштурууну жеңилдетет.    

Конституциялык мыйзам чыгаруу комитети «Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырды. Эми ал экинчи окууга өттү.

Бирок, мыйзам долбоору талаш-тартышты жаратты — депутат Чолпон Жакупова процедуранын бузулуп жатышын айтып, нараазы болду.

Жакупова комитеттин башчысы КСДП фракциясынын депутаты Асель Кодурановадан референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи жана экинчи окуунун аралыгында талкуу жана экспертизалардан өттүбү деп сурады. Кодуранова жок деп жооп берди.

Жакупова мындай жоопко ачуусу келип, депутаттар референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун «ачык эле амалдап жатканын» айтты.  

«Эгер эреже бузуулар болгон болсо, анда эмне үчүн биз аны карап жатабыз, эмне үчүн добуш берүүгө коюп жатасыңар? Эл баарын көрүп турат. Депутаттар президент аппаратынын юридикалык бөлүмүнө айланып кеттиңер. Мен бул мыйзам долбооруна каршы чыкпайм, мен жардам бергим келет. Мыйзам долбоорун көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде гана кабыл алынуусун каалайм», — деди да жыйындар залынан чыгып кетти.  

Мыйзам долбоорунун кабыл алынуусуна каршы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да сөз сүйлөдү. Ал мыйзам долбоорун «шашылыш» түрдө кабыл алынып жаткандыгын айтып, бир аптага дагы жылдырууну сунуштады.

«Биз мыйзам долбоорунун демилгечилери катары аны тез аранын ичинде кабыл алуубузду менден суранышты. Бирок ага даяр эместигимди, мыйзам долбоорун кылдат карап чыгуум керектигин айттым. Бирок, Фарид Ниязов менен Чыныбай Турсунбеков баары бир өз айткандарынан кайтпай, биринчи окуудан эле өткөрүүнү каалашты», — деди Өмүрбек Текебаев.  

«Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, бул мыйзам долбоору керек жана депутаттар эс алууга кете электе эле маселе көтөрүлгөнүн айтты.  

«Мыйзам долбоорду карап чыгалы, себеби ал биринчи окуудан өттү. Бир апта кийинкиге жылдыргандан эч нерсе өзгөрбөйт», — деди ал.  

Биринчи окууда, парламент эс алууга кете электе эле 30-июнь күнү мыйзам долбоору жактырылган.

Мыйзам долбоору референдум өткөрүү укугун президенттен өкмөткө өткөрүүгө арналган. Андан сырткары, элдик добуш берүү санын 300 миңден 10 миңге түшүрүү да каралган.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду уюштурууну жеңилдетет.

Өзгөртүү киргизүүгө парламенттин бир гана «Ата Мекен» фракциясы каршы чыккан.

Тема боюнча:  Парламент Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо?