Трамптын уулу качкындарды ууланган шириндикке салыштырды. Буга америкалык интернет кандай жооп берди?

«Твиттердин» америкалык сегментинде Дональд Трамптын уулунун твити жөнүндө кызуу талкуу жаралды. Президенттикке талапкердин уулу Сириядан келген качкындарды бир табак шириндикке салыштырды. Табактагы шириндиктин үчөөсүн ууланган деп көрсөтүп, америкалыктар ушуну жейт беле деп суроо салган.

Дональд Трамптын уулу өзүнүн твиттеринде 19-сентябрь күнү бир табак Skittles шириндигинин сүрөтүн жайгаштырып, мындай деп жазган: «Эгер менде Skittles шириндиктери салынган табак болсо, анын ичинен үчөөсү сизди өлтүрөт деп айтмакмын. А сиз уучтап баарын алат белеңиз? Бул биздин Сириядан келген качкындар менен болгон көйгөйүбүздү аңдатат».

Трамптын бул билдирүүсү көпчүлүккө жаккан жок. Бул салыштырууну сындап чыккандар саны аз эмес. Буга карата атайын хэштег дагы колдонулууда. #PeopleAreNotSkittles (Адамдар Skittles эмес).

Ал эми Трамптардын тарапташтары сындагандар менен каршылаша баштаган. «Твиттерде» кызуу талаш жаралды.

https://twitter.com/sparksjls/status/778041808018374656

«Бул Skittles эмес, Дональд Трамптын уулу»

«Дагы бир жолу ойлонуп көргүлө»

«Бул сүрөт өзү жөнүндө өзү сүйлөп турат. 1939-жылы улутчул Германиядан АКШга келген 900 еврейлер кайра артка кайтарылган. Алардын 25 пайызы Холокостто курман болушкан. Бул Skittles эмес»  

«Еврейлер АКШга бизди өлтүргөнү келген эмес, бул чоң айырма»

«1939-жылы америкалыктардын 53 пайызы АКШда еврейлердин саны аз санда болушу керектигин айтышкан. Биз он миңдеген еврей балдарынан жүз буруп кеткенбиз»

«Бул себеттеги мышыктын балдары. Эгер мен алар оор тагдырдан качып келишкен деп айтсам, сиз алардын экөөсүн алат белеңиз?»

https://twitter.com/ha_bibti/status/778098238805184513

«Эгер мен Cheetos чипсинен бир табак коюп туруп, буларга добуш берсеңер, акыркы заман келет десем, добуш берет белеңер? Бул биздин Дональд Трамп менен болуп жаткан көйгөйүбүз»

Көпчүлүк колдонуучулар азыркы сириялык качкындарга болгон мамилени Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы антисемиттик саясатка салыштырышкан. Сентябрь айында Трамптын уулунун газ камералары тууралуу айткандары еврейлердин өкмөттүк эмес ADL уюмунун кыжырын келтирген.

«Эгер республикачылар өзгөчө аракеттерди жасаса, аларга газ камераларын даярдашмак», — деп Трамптын уулу Хиллари Клинтондун шайлоо компаниясы тууралуу айтып жатып WPHT радиосуна билдирген.

ADL болсо, газ камералары жана Холокост тууралуу кемсинтип сүйлөөнүн кереги жоктугун билдирген. Трамптын еврейлердин геноциди жөнүндөгү тамашалар канчалык оор батып жатканын түшүнөт деп үмүт кылган жери бар.

Трамптын уулунун дарегине Skittlesтин өкүлү да сын-пикирин билдирди.

«Skittles — шириндиктер. Качкындар — адамдар. Бул орунсуз салыштыруу деп ойлойбуз. Биз мындан ары бул жөнүндө комментарий бербейбиз, себеби муну маркетингдик амал деп түшүнүп калуулары мүмкүн», — деп Skittles компаниясы баш ийген Wrigley Americas корпорациясынын вице-президенти Денис Янг жазган.

Трамптын уулунун койгон сүрөтүнүн автору Кипрден келген качкын Девид Киттос болуп чыкты. 1974-жылы сүрөтчүнүн үй-бүлөсү Түркия кысымга алган Кипрден качып келген. Киттос анын сүрөтүн качкындарга тийиштирип колдонууга эч качан уруксат бербестигин айткан.

Мурдагы конгрессмен жана ток-шоу алып баруучусу Джо Уолш да бул маселеде өз пикирин билдирген. Трамп шириндиктер жөнүндө жазууну андан үйрөнүп алганын айткан.

«Эй, Дональд Трамп! Мен бул жөнүндө мурунку айда жазгам. Сиз да макул экендигиңизге кубанычтамын.»

Трамптын уулунун твитине Vox.com да өз көз карашын билдирген. Басылманын аналитиги президенттикке талапкердин уулунун салыштыруусуна мындай анализ берген: эгер табактагы «Skittles» шириндигинин үчөөсү ууланган болсо, анда статистика боюнча, табакта 10 миллиарддан ашуун «шириндик» (качкындар) болушу шарт эле. Ошондо, табак эки олимпиада бассейнинин аянтын ээлемек.

Vox мурунку аптада жарыяланган Cato Institute докладындагы маалыматтарга таянып жазган. Анда белгиленгендей, АКШда теракттын кесепетинен качкындардан зыян тартуу — милиарддан 3,64кө барабар. Ошол эле убакта, жөнөкөй бир адамдан зыян тартуу — 100 миңден 4,5ке тең.

Трамптын уулунун твити нараазычылык толкунун пайда кылып, америкалык маалымат каражаттарынын да көңүлүн бурган. Шейшемби күнү эрте менен эле ал 26 миң америкалыктын колдоосун жана 16 миң ретвит алган.

Дональд Трамптын уулу өзүнүн туруксуз аракеттери менен белгилүү. Качкындарды ууланган шириндикке салыштырганы жана газ камералары тууралуу айткандарынан башка, ал өзүнүн баракчасында кибер-улутчулдар тобунун тилсиминин сүрөтүн да жарыялаган.

Андан сырткары, анын сафариден тартылган өлүк жаныбарлар менен түшкөн сүрөттөрү да интернет-колдонуулардын кыжырын кайнаткан учурлар бар.  

АКШ 2015-жылдын октябрь айынан баштап, 8 миң сириялык качкынды кабыл алган. Бирок, алардын арасында «ууланган шириндик» жок болуп чыккан.

Бирок, америкалыктардын кооптонуусуна Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Миннесотада болгон окуялар негиз болуп жатат. Нью-Йорк жана Нью-Жерсидеги жарылууга тиешеси бар деп Афганистандык мигрант Ахмад Хам Рахами күнөөлөнүүдө.

Африкалык мигрант Дахир Адан 17-сентябрь күнү Миннесотадагы супермаркетте 8 адамга бычак саюуга аракет кылып, жарадар кылган. Ал «Аллоху акбар» деп кыйкырган.   

Президент Барак Обама 19-сентябрда БУУнун саммитинде 2017-жылы АКШ дагы 360 миң качкынды кабыл алаары тууралуу документке кол койгон.