«Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоору оппозициянын каршы болгонуна карабай экинчи окуудан өттү

Кыргыз парламентинин депутаттары экинчи окууда «Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кабыл алышты. Каршылаштар болсо, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууга аракет кылышты.

Парламентте талаш-тартышты жараткан мыйзам долбоору 67 добуш менен кабыл алынды, жети депутат каршы добуш беришти.

Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өтүп, президент кол койгондон соң, күчүнө кирет.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, референдумду өткөрүүгө жеңилдиктер берилет — элдик добуш берүүдө кол топтоо 300 миң эмес, 10 миңге түшүрүлөт. Андан сырткары, парламенттин референдумду токтотуу боюнча укугу жокко чыгарылат.

«Регламенттин бузулушу»

Мыйзам долбооруна каршы тургандардын баш сабында турган «Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова бул маселени күн тартибинен алып салууга аракет жасады. Жакупованын айтуусунда, мыйзам долбоордун каралуусу биринчи окууда эле регламенттин эрежелерин бузуу менен болгонун депутаттар өздөрү да моюндашкан.

«[Эреже бузууларды] жөнгө салууга чейин, анын ичинде коомдук талкууларды өткөнгө чейин, маселени күн тартибинен алып салууну өтүнөм. Биз жарандарга терс жактарыбызды көрсөтүп жатабыз. Доклад жасагандардын жана жетекчилердин айтуусунда, бул биринчи жолу эмес, бирок баары бир эреже бузуулар уланып жатат. Мен мыйзам долбоору жөнүндө эмес, регламент тууралуу айтып жатам», — деди ал.    

Бирок, парламент өкүлдөрүнүн көпчүлүгү аны колдоого алышкан жок.

Президенттештирилген КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууга чейин жеткирген эреже бузуулар катталбаганын айтты.

«Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экспертизалар өз тартибинде өткөрүлдү. Арадан эки жарым ай өттү. Эч кандай талаш жараткан маселелер болгон жок. Демилгечилер жөн гана убакытты созууну каалап жатышат», — деди ал.  

Референдумга байланыштуу талаш-тартыштар

Эки күн мурда, Жакупова мыйзам долбоорун парламенттин окуусуна жөнөтүү боюнча өткөрүп жаткан профилдик комитеттин жыйынан чыгып кеткен.

Жакупова жана башка каршылаштар, мыйзам долбоору президентке жана анын айланасындагы депутаттарга Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүдө жеңилдиктерди берет деп эсептешет.

Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр, оппозициянын пикиринде өлкөдө Атамбаевдин жана анын айланасындагылардын бийлигин күчтөнтөт.

Ал эми өлкө башчысы оппозициянын пикири менен макул эмес. Тескерисинче, Кыргызстанда бийликти «узурпациялап алуунун» алдын алат.