Мамлекеттик башкаруу Академиясында Конституцияга киргизилүүчү өзгөрүүлөр боюнча талкуу болду

Президенттик мамлекеттик башкаруу академиясында Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча талкуу жүрдү.

Анарбек Исмаилов: Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.

"Адамдардын пикирин чогултуу үчүн жок эле дегенде бир ай керектелет. Регламентте демилгечилер алгач жарандардын пикирин билип туруп, андан соң гана аны расмий каттоодон өткөрүү керек деп жазылып турат. Конституцияга өзгөртүү киргизүү процессинде эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок",- деди президент аппаратынын укук маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов.

Игорь Шестаков: Конституция жеке кызыкчылыктар үчүн иштебеши керек

"Келгиле, өзгөртүүлөрдү кылдаттык менен карап чыгабыз. Биздин депутаттардын башы эмес, чөнтөгү алтын. Силер Акаев менен Бакиевдин оюнун ойноп жатасыңар. Өзгөртүүлөрдү башынан кылдат карап чыкканга көп убакыт керек",-деди саясат таануучу Шестаков.

Бакыт Бакетаев: Конституцияны өзгөртүү керек

"Мен конституцияфоб болуп калдым. Аны өзгөртүү керек. Азыр премьер өзүнүн жемиштүү саясатын жүргүзө берсе болот, анын ыйгарым укуктары көп. Бирок, демилгечилер Аида Салянованы угушса болмок. Ал туура маселелерди көтөрүп жатат. Биздин Конституция абдан узун жана түшүнүксүз жазылган. Чыгармачылык менен чындыкты издөө керек",-деди көз карандысыз эксперт Бакыт Бакетаев.

Аида Салянова: Өзгөртүүлөрдө парламентти күчтөндүрүүчү нормалар жок

Салянованын пикиринде, парламентти күчтөндүрө турган эч кандай нормалар жок, тескерисинче, президенттин ыйгарым укуктары көбөйүүдө.

"Ошондой эле, сот реформасы жөнүндө да өзгөртүү жок. Бизде бул тармак алсыз. Соттор кантип тандалып алынып жатканын көрдүңүздөрбү?"-деди ал.

Аида Салянова: Депутаттар 2020-жылдан кийин гана өзгөртүүгө демилгечи боло алышат

"Мамлекеттик кызматкерлер мыйзамга каршы кандайдыр бир кыймыл-аракеттерди жасашса, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат",-деди Аида Салянова.

Аида Салянова 2020-жылдан соң гана депутаттардын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укугу болот деп кошумчалады.

Аида Салянова: Кайсы берененин негизинде мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлгөн?

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты: "Кайсы берененин негизинде демилгечилер мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жиберишти? Кызматтагы адамдар Конституцияда көрсөтүлгөң гана беренелердин негизинде гана иш жүргүзүшү керек. Ошондо, кайсы берененин негизинде өзгөртүү киргизип жатасыңар?"

Тагир Осмоналиев: Конституциядагы өзгөртүүлөр Конституциянын өз тартибин бузууда

"Таза Шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директорунун айтуусунда, өзгөртүүлөр боюнча кенен талкуулардан өтүшү керек, ал эми сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мыйзам бузуулар менен кабыл алынып жатат.

"Бул мыйзам долбоору катталган эмес, ал эми депутаттардын календарлык планында бар",-деди ал.  

Анын пикиринде, 2020-жылдагы өзгөртүүлөрдү талкуулоо керек.

"Конституцияда эмне жазылганын эл билбейт, муну коомдук талкууга коюш керек",-деди ал.

Анын айтуусунда, референдумду 4-декабрда өткөрүү мүмкүн эмес, себеби элдик добушка коюу тууралуу президенттин указы жок. Депутаттар болсо, референдумдун датасы азырынча белгисиз деп, Конституция талкууда тургандынын айтышты.

Марат Аманкулов: Биз референдум үчүн

КСДП фракциясынын депутаты белгилегендей, премьер-министр менен вице-премьер-министрдин мандатын сактап калуу, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин ортосунда көпүрө боло алат, ошондуктан, фракция референдум үчүн добуш берет.

Эксперт, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү: "Конституцияны өзгөртүү мүмкүн эмес деген -бул жомок.

Ал өзгөртүүлөр аткаруу бийлигине эффективдүүлүктү алып келет деп айтты. Конституция өзгөртүүгө муктаж, жана авторлор салттуу идеологиялык өзгөртүүлөрдү сунуштоодо деп кошумчалады.