Видео: Кайрат Примбердиев «Голос» таланттар сынагынын тандоосунан өттү

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев орусиялык «Биринчи каналдагы» «Голос» таланттар сынагында жалпы тандоодон өттү. Анын сынакта андан ары ат салышуусу үчүн калыстар тобундагы төрт адамдын экөөсү добушун берди. Өзүнө жетекчи катары Примбердиев Леонид Агутинди тандап алды.

Примбердиев жалпы тандоодо америкалык фанк-ырчы Жеймс Браундун «It’s a Man’s Man’s Man’s World» ырын аткарды. «Жалпы» тандоодо калыстар артты карап отурушат, алардын алдыга кайрылуусу ырчыны кабыл алганын түшүндүрөт.    

Төрт калыстан экөөсү — Леонид Агутин жана Полина Гагарина — кайрылып, кыргыз ырчысынын сынакта калуусуна добуш беришти. Кыргыз ырчысы эмоцияга алдырып, сахнага жыгылып да алды. Примбердиев сынакта Агутиндин жетекчилиги астында иштөөнү туура көрдү.

«Жалпы тандоодон» соң, Примбердиев «жеке» сынакка чыгат. Анда да утуп алса, финалга чейин ал чейрек финал жана жарым финал баскычтарынан өтүүсү керек болот.     

Примбердиев мындай сынакка биринчи жолу катышып жаткан жок — ал «Россия» телеканалынын «Главная сцена» таланттар сынагынын финалына чейин жеткен. Ал орус романстарын аткаруусу менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган эле. Ырчы Елена Ваенга сынактан соң, өзүнүн жеке концертине катышууга чакырган болчу.

Бул «Голос» вокалдык долбоорунун алтынчы сезону. Ал орус «Биринчи каналында» 2012-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Шоу «The Voice of Holland» голланд долбоорунун адаптациясы болуп эсептелет. 2015-жылы «Голос» сынагын Орусиянын эң мыкты музыкалык шоусу катары таанышкан.     

Бул сынакта эң негизгиси — артисттин универсалдуулугун көрсөтүү, түрдүү жанрда жана түрдүү тилдерде аткаруучулук өнөрүн тартуулоо.