Шнобель сыйлыгы-2016: Келемиштин шымы жана «Теке-адам»

Гарвард университетинде Шнобель сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Мында өзгөчө илимий жетишкендиктер бааланат. Окумуштууларга сыйлык катары Зимбабвенин 10 триллион доллары берилди. Бул американын 40 центи.  

Нобель сыйлыгынын лауреаттары «алгач күлкүнү келтирип, анан ойлонтурган» илимий жетишкендиктер үчүн сыйлыктарды тапшырышты. Сыйлык 10 номинация боюнча жүрдү.  

Шнобелдик сыйлык-2016. Сүрөт: REUTERS/ Брайан Снайдер

Жөндөмдүүлүк

Египеттик уролог-окумуштуу Ахмед Шафик, түрдүү кездемелер келемиштердин жыныстык жашоосуна кандай таасирин тийгизет деген темада изилдөө жүргүзгөнү үчүн сыйланды.

Окумуштуу кемирүүчүгө түрдүү кездемелерден шымдарды тигип, кайсы кездеме алардын сексуалдык жашоосуна кандай таасирин тийгизээрин изилдеген.

Шафик пахта, жүндөн жана полиэстер кездемелерин колдонгон. Изилдөө синтетикалык кездеме кемирүүчүлөрдүн сексуалдык активдүүлүгүн начарлатаарын көрсөткөн.

Чилиден келген окумуштуу Бруно Гросси динозаврдын кыймылын көрсөтүп жатат. Сүрөт: REUTERS/Гретхен Эртл

Экономика

Жаңы Зеландия жана Улуу Британия окумуштууларынын изилдөөлөрү психолог Женнифер Аакердин теориясына негизделген болуп, ар бир зат личность катары кабыл алып, анын индивидуалдуулугун өздүк деп эсептейт.

Бул теория боюнча, изилдөөчүлөр Марк Авис жана Сара Форбс таштар да жеке тарап катары эсептелет деп айтышкан. Изилдөө жүргүзүү үчүн авторлор түрдүү таштарды тандашкан. Себеби, аларды эч кандай бренд менен айкалыштырууга болбойт.  

Изилдөөнүн катышуучулары ар түрдүү таштардын сүрөттөрүн көрсөтүп, аларды личность катары аныктоого коюшкан. Айрым катышуучулар, таштарды иш кийимин кийген киши катары да сыпаттаса, айрымдар аны либералдык көз караштагы аял катары элестетип жаткандыктарын айтышкан.  

Биология

Биология боюнча сыйлыкты бул жолу эки окумуштуу бөлүшөт — Чарльз Фостер жана Томас Туэйтес. Эки окумуштуу да жаныбарларга айланышкан: Фостер элик, түлкү, кашкулак, зоолдун жашоосу менен жашаган, ал эми Туэйтес фауна жаныбары саналган тоо текенин жашоосун изилдеген.

Бул үчүн ал швейцариялык Альпы тоолорунда үч күн болуп, шалбааларда атайын протездер менен текедей болуп оттоп жүргөн. Изилдөөнүн максаты стресс менен күрөшүү болгон.

Физика

Бул номинацияны Венгрия, Испания, Швеция жана Швейцариядан келген төрт окумуштуу жеңип алды. Алар саратандар эч качан ак жылкыларды тиштебейт, ал эми ийнеликтер кара түстүү мүрзө үстүндөгү таштарга конушаарын изилдеп чыгышкан.

Окумуштуулар, ийнеликтин көзүнүн өзгөчө түзүлүшү суу үстү менен кара түстүү мүрзө ташын айырмалай албаарын далилдешкен. Андан сырткары, саратандар ак түстүү жаныбарларды көрө албагандары үчүн күрөң түстүү жылкыларга конушат деген тастыктоолорду беришкен.

Нобель сыйлыгынын лауреаттары Рич Робертс, Дадли Хершбах жана Эрик Маскин Шнобель сыйлыгы-2016да "крестик-нөлдүктөр" оюнун ойноп жатышат. Сүрөт: Майкл Дваер

Медицина

Кристоф Хелмхен кесиптештери менен, оң капталыңдагы кычыткыны күзгү алдында сол капталды тырмоо менен калтырса болоорун далилдеген. Же тескерисинче.

Психология

Беш өлкөнүн командалары (АКШ, Бельгия, Нидерланды, Германия, Канада) миң адамдан бериле турган суроолорго алдап жооп берүү керектигин эскертип, сурамжылоо жүргүзгөн. Окумуштуулар, жооп берүү ылдамдыгына карап, чоңдорго караганда өспүрүмдөр батыраак алдай алат деген жыйынтыкка келишкен.

Адабият

Швед энтомологу Фредрик Шоберг «Чымындар үчүн капкан» аттуу китеби үчүн Нобелге каршы сыйлыкка татыды. Бул «Чымын коллекциялагандын жолу» аттуу үч томдук китептин биринчиси. Анда чымын тутуунун ырахаттары тууралуу баяндалат.  

Өздөштүрүү

Өздөштүрүү жаатындагы сыйлыкты жапон окумуштуулары Ацуки  Хигасияма и Кохей Адати илип кетишти. Алар башты ылдый каратып, эки буттун арасынан караганда, бардык буюмдар визуалдык кичирейишин далилдешкен.

Дүйнөнүн сыйлыгы

Шнобелдин дүйнөлүк сыйлыгы «Сандырак нерсени өздөштүрүү жана таануу» иши үчүн канадалык окумуштуу Гордон Пенникукка тапшырылды. Пенникук «акылдуу цитаталардын» сүйүүчүлөрү жогорку интеллексиз болушаарын айткан.   

Бул үчүн ал 300 адамдан сунушталган цитаталарды 1ден 5ке чейинки шкалада баа берүүсүн сурамжылаган. Бул цитаталарды ал мааниси жок интеллект тууралуу жазылуучу атайын сайттан алган. Сурамжылоого катышкан адамдардын 27 пайызы цитаталар «терең маанилүү» деп жооп беришкен.  

Химия

Шнобель сыйлыгынын химия боюнча ардактуу ээси болуп Volkswagen компаниясы автоунаадан чыккан түтүндөгү азот кычкылынын зыяндуулугун азайтып көрсөтүүчү түзүлүшү үчүн тандалып алынган. Буга чейин бул түзүлүштүн айынан компанияда «дизелдик чатак» чыккан.  

*Шнобель сыйлыгы — бул Нобель сыйлыгынын пародиясы. Ал жыл сайын өткөрүлүп, илим чөйрөсүндөгү таң калтырган, ойго келбеген жетишкендиктерге берилет. Алгачкы салтанат 1991-жылы өткөрүлгөн.