Атай Өмүрзаковдун бий тобу италиялык сынакта көрүүчүлөрдүн 98 пайыз добушун алды

Италиядагы «Tù Sì Que Vales» аттуу сынакта Атай Өмүрзаков «Адем» бий тобу менен биргеликте экинчи баскычка өттү. Алар көрүүчүлөрдүн 98 пайыздык добушуна ээ болушкан. Сынактан сырткары финалга жолдомо алуу үчүн болгону эки пайыз жетпей калган.     

Атай Өмүрзаков жана анын окуучуларынан түзүлгөн «Адем» тобу 24-сентябрь күнү «Tù Sì Que Vales» (Сен мыктысың) сынагында өз таланттарын тартуулашкан. Алар калыстар тобунун чечими менен байге фонду 100 миң еврону түзгөн сынактын экинчи баскычына өтүштү.

«Биз кийинки баскычка 100дөн 98 пайыз добушту алып өттүк. Калыстар тобу биздин аткаруубузду абдан баалашты жана финалга түз жиберүүнү да сунушташты. Сынактын алып баруучусу бизге эки гана пайыз добуш жетпей калгандыгына абдан кайгырып, көрүүчүлөрдөн "Кантип ушундай шедевр жакпай калсын?" деп түз эле сурады», — деп Өмүрзаков өзүнүн фэйсбук баракчасына жазган.  

«Tù Sì Que Vales» сынагынын үчүнчү сезонунун программасы 10 баскычтан турат — алардын тогузу жалпы тандоо, анда катышуучулар өз таланттарын көрсөтүшү керек жана финал. Сынак 26-ноябрга чейин уланат.

Сынактын эрежеси боюнча, спортчулар жана бийчилер калыстардын алдында таң калтырган нерселерди көрсөтүү менен өнөрлөрүн тартуулашат.

Ар бир катышуучу үчүн эки мүнөт берилет. Эгер калыстарга номер жакпай калса, алар бул убакытты дагы да кыскартып салышат, эгер жагып калса, убакытты узартышы мүмкүн.

Кийинки баскычка өтүү үчүн катышуучулар жок дегенде эки калыстын колдоосуна татыктуу болушу керек.

Эгер төрт калыстын да добушуна ээ болсо, катышуучу түз эле финалга жолдомо алышат.

Ал эми сынактын финалы түз эфирде көрсөтүлүп, анда калыстар жана залдагы көрүүчүлөрдүн добушу менен эмес, интернет-добуш берүү менен жеңүүчүлөр аныкталат.