Дүйнөдө күндүн ысышынан улам илбирстердин саны эки эсеге азайган

ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев дүйнөдө күндүн ысышынан улам Кыргызстанда исбирстин саны эки эсеге азайып кеткенин айтты. Кыргызстандык адистер илбирстин санынын азайышына башка факторлор да таасирин тийгизип жатканын билдиришти.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 24-сентябрь күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып экологиялык көйгөйлөргө токтолгон.

Дүйнөдө күндүн ысышы жөнүндө сүйлөп, ал климаттын өзгөрүшүнөн мөңгүлөрдүн ээрүүсү, тоо системаларынын деградациясы жана илбирстердин саны азайып жаткандыгын айтып өттү.

«Тагыраак айтканда, 90-жылдардан тарта, илбирстин саны эки эсеге азайып кетти. Мурда 600 болсо, азыр 300гө түштү», — деди ал.  

ТИМдин башчысы 2017-жылы илбирстерди сактап калуу боюнча 2017-жылы Кыргызстанды бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүү сунушун киргизди.

«Кыргызстан 2017-жылы сейрек кездешүүчү илбирсти сактап калуу үчүн кызматташуу маселелерин талкуулай турган Бүткүл дүйнөлүк форумга чакырат», — деди ал.  

Эколог Эмиль Шүкүров Kloop.kgге билдиргендей, илбирстердин азайып баратышы Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө «коркунучтуу» болуп жатат, буга дүйнөдө күндүн ысышы эмес, адистердин жетишпестиги себеп болууда.

«Ак илбирстин санын өстүрүү керек, бирок бир да мамлекетте бул үчүн аракеттер көрүлүп жаткан жок. Аны сактап калуу үчүн аларга азыктануусу татаал болбой турган аймакка жакшы шартты түзүп берүү керек», — деди ал.

Ак илбирстердин азайып баратышын илбирстерди сактап калуу боюнча Глобалдык программанын жетекчиси Кыял Алыгулова да тастыктады.

«Бул "дүйнөдө күндүн ысышы" себебинен эмес, браконьерлер тарабынан илбирстин терисине болгон талаптын күчөшү», — деди ал.

«Евроньюс» телеканалы 13-сентябрь күнү «Ак илбирс коопсуздукта» аталышындагы репортажды көрсөттү. Анда Афганистандын жапайы жаныбарларды коргоо агенттигинин башчысы Мостафа Заэр илбирстин саны Афганистанда көбөйгөнүн айткан.   

Ал эми Кыял Алыгулова болсо, илбирстерди сактап калуу боюнча өткөрүлгөн акыркы форумда афган экологу Афганистанда илбирстердин саны азайып кеткенин айткандыгын тастыктады.

Илбирстерди сактап калуу боюнча Глобалдык программанын сайтында көрсөтүлгөндөй, репортажда эскертилип өткөн, Вахан аймагы «ак илбирстердин жашоосу үчүн эң ыңгайлуу жай жана алардын сакталып калуусу үчүн шарттуу аймак эсептелет». 2015-жылдагы маалымат боюнча бул жерде 100 илбирс жашайт.  

Эмиль Шүкүров болсо, афган илбирсинин көбөйүшү тууралуу кеп кылууга али эрте дейт. Орто Азиянын тоо кыркалары — ак илбирстин көбөйүүсү үчүн мыкты шарттуу жай саналат, ал эми бул түрдүн эркеги ургаачысын издеп алыстарга кетет, жаңы аймактарды өздөштүрүп жашашат.

«Жүз эркекке жок дегенде 50 ургаачы илбирс болгондо гана көбөйүү жөнүндө кеп кылса болот», — деди ал.  

Кыргызстанда 2015-жылга карата 300 ак илбирс калган. Мындай маалыматты илбирстерди жана алардын экосистемасын сактап калуу боюнча глобалдык программанын Бишкектеги борбору берген. Борбордун маалыматына караганда, дүйнөдө 3,5 миңден 7,5 миңге чейинки ак илбирс бар экендиги айтылат. Ак илбирстер 1997-жылы жоголуп бараткан түр катары Кызыл китепке киргизилген.