УКМК өз кызматкери катышкан чыр боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт

УКМК жана ИИМ Кызыл-Кыяда ишкер менен УКМКнын кызматкери катышкан чыр-чатак боюнча биргеликте иликтөө жүргүзөт. Ишкердин айтуусунда, «бизнестеги үлүшүн» бербей койгондугу үчүн УКМК кызматкери аны сабап салган.  

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ишкер Зарылбек Мааткалыков жана коопсуздук кызматынын Кызыл-Кыядагы бөлүмүнүн башчысы Замирбек Жолболдуев Ички иштер министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынат.

«Объективдүү иликтөө үчүн кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду», — деп жазылат пресс-релизде.  

ИИМнин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге билдиргендей, тергөө органдары тарабынан «талап-тоноочулук» фактысы боюнча да иликтөө жүрүп жатат.  

«ИИМге эки тараптан да арыз келип түшкөн. […] Биздеги маалыматтар боюнча, алар жолду талаша кетип, мушташууга чейин барышкан. Азыр болсо, Мааткалыковдун арызы "талап-тоноочулук" боюнча каралып жатат», — деди ал.  

Анын сөзүнө караганда, УКМК «чыр-чатактын себеби жана ким жоопко тартылаары» боюнча ички иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат.  

Кызыл-Кыядагы чакан кумшекер рафинадын чыгаруучу заводдун башчысы Зарылбек Мааткалыков Kloop.kgге билдиргендей, аны УКМКнын жергиликтүү бөлүмүндөгү төрт кызматкер сабап салган. Ал сентябрь айынын 24нөн 25ине караган түнү жубайы менен Караван айылына бара жаткан.

«Алар биздин автоунааны жолдон чыгарып түртө башташты. Мен күйүүчү май куюучу жайды көрүп калып, ал жакта адамдар болсо, кызматкерлер кетип калышат деп ойлодум. […] Жол четине токтодум, алар болсо чоң жолдо эле автоунааларын таштап, […] Замир мени уруп баштады. […] Бирөөсү аялымды кармап алды. […] Мен коргонуп жатканда, башыма тапанча такап жаткандарын сездим», — деди ал.  

Мааткалыков билдиргендей, ал милицияга чалууга аракет кылган, бирок аны дагы да катуу ура башташкан. Жолдон өтүп бараткан автоунаалар токтогон эмес, себеби Жолболдуевдин унаасында баары тааныган номур илинип турган.

Мааткалыков УКМКнын кызматкери соо эмес экендигин тастыктайт. Ыкчам топ анализ тапшыруу керектигин айтканда качууга аракет кылганын кошумчалады, бирок кача алган эмес.

«Ал мастыгынан дубалды ашып качып кете албай калды. Аны кармап алып, сүйрөп баратканда, дарыгерлер жана ИИМдин кызматкерлеринин көзүнчө өзүн-өзү сабай баштаган. Баары жөн гана карап турушту», — деди Мааткалыков.

Ишкердин айтуусунда, чыр-чатак болгондон бир канча күн мурда, бейтааныш адам келип, «кумшекерден түшкөн пайданы бөлүшүү» боюнча Замир деген кишиге чалып коюусун айткан, бирок ишкер буга көнгөн эмес.  

Мааткалыков дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөнүн, анын денесинен түрдүү көгөргөн жерлер, жаралар жана мээсинин чайкалганын аныкташканын айтты.

«Азыр мен невропатологдун жыйынтыгын күтүп жатам жана кайрадан текшерүүдөн өтөм. Ден соолугума канчалык зыян келгенин билүүм керек», — деди ал.  

Kloop.kgнин редакциясы Замирбек Жолболдуев менен байланыша алган жок.

Сүрөт: Жабыркаган ишкер, «АКИпресс»