NASA Юпитердин спутниги саналган Европанын «күтүүсүз активдешүүсүн» айтып, коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Басма сөз жыйында агенттиктен баарына белгилүү эле маселелер айтылды: Европанын бетинде гейзерлер бар болушу жана алар сууну чыгарып жаткан болушу мүмкүн.  

NASA эмнени убада кылган?

Бир апта мурда агенттик «Европаны […] изилдөө боюнча уникалдуу кампаниянын жыйынтыгын сунуштап, спутниктин кыртышынын астында океандын болушу мүмкүн» деген маалымат тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүүсүн жарыялаган болчу. Маалымат жыйыны жакында болуп өттү.

Чындыгында эмнени көрсөтүштү?

NASA чындыгында кызыктуу сүрөттөрүн көрсөттү, алар жадагалса, CGI-ролик да жасашкан. Агенттиктин астрономдору «Хаббл» телескобунун жардамында, Европанын бетинде гейзерлер бар экендигин аныкташкан.  

Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, Европанын кыртышынын астында океандын бар экендигин тастыктайт деп айтууда. Учурда океандын бар экендиги так маалымат эмес, ал окумуштуулардын гипотезасы бойдон калууда.

NASA 2018-жылы космоско «Жеймс Уэбб» телескобун жөнөтөт. Анын жардамында, гейзерлер бөлүп чыгарган суюктуктун курамын изилдөөгө шарт түзүлөт. Эгер суюктук бар экени тастыкталса, Европа Күн системасында суусу бар экинчи спутникке (Сатурндун спутниги Энцеладдан кийин) айланат.

Эч кандай маалымат айтылган жокпу?

Ооба, ошондой. Бирок, жаңы маалыматка толук бойдон көз жумуп койгонго болбойт. Келтирилген маалыматтар Европаны андан ары изилдөө үчүн агенттикке жол ачат.

Коомчулук жана илимий чөйрө бул жөнүндө мурда эле билчү. Европа кыртышынын астында океан бар экендиги тууралуу 1970-жылдары эле аңыз-кептер жүргөн, ал эми гейзерлердин сүрөтү коомчулукка 2013-жылы эле жарыяланган.

Анда эмне ызы-чуу? Европа эмнеси менен өзгөчө?

Юпитердин бул спутниги тууралуу байыртан бери эле көптөгөн аңыз-кептер, окуялар жана ишеничтер жүргөн. Ошол үчүн NASAнын анонсу коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурду.

Биринчиден, Европа адамзаттын тарыхында табылган эң биринчи спутник эле. XVII кылымда Галилео Галилей Юпитердин төрт спутнигин тапкан, алардын арасында Европа да бар болчу.  

Экинчиден, мурдагы кылымдын 70-жылдарында Европанын айланасында түрдүү тарыхтар айтылып жүргөн. Бул убакта NASA Вояжер программасынын негизинде, Күн системасын изилдөө үчүн эки космостук аппаратын учурган.

«Вояжер-1» жана «Вояжер-2» биринин артынан бири Юпитерди жандап өтүп баратканда, анын спутниктеринин жогорку сапаттагы сүрөттөрүн Жерге жиберген. Агенттиктин окумуштуулары күтүүсүз божомолдорду айтышкан. Европада суу болушу мүмкүн, жадагалса спутниктин кыртышынын астында океан катылып жаткандыгы мүмкүн экендигин да божомолдоп айтышкан болчу.    

Бул Жерде гана суу бар деп түшүнгөн коомчулук үчүн абдан таң калыштуу болду. Мындан соң, суу Сатурндун спутниги Энцеладда жана Марста табылган.

NASAнын басма сөз жыйынына кандай баа берилди?

NASA жыйынга чейин көп нерселерди убада берген. Бирок, коомчулук нараазы бойдон калды.

Ал эми Telegraph басылмасы «NASA биз билген эле маалыматтарды көп берүүдө» деп жыйынтык чыгарган.

Бирок Twitter сабырсыз маанайда жооп кайтарган.