ИИМ Жунушалиевдин отставкасы жөнүндөгү кептерди «ушак жана провокация» деп атады

ИИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев күч органдарынын реформасына каршы болгондугу үчүн кызматтан кетүүсү жөнүндө билдирүү жасаган эмес. Бул тууралуу жергиликтүү гезиттердин бири жазып чыккан.

ИИМнин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге билдиргендей, Жунушалиевдин кызматтан кетүүсү тууралуу айтылган кеп «жалган». Министрдин кетүүсү жөнүндө кыргыз тилдүү «Ачык саясат плюс» гезити жазып чыккан.

«Бүгүн биз министрдин кетүүсү тууралуу такталбаган булакка таянып жазылган маалыматтарды четке кагуу боюнча билдирүү даярдадык. Бул туура эмес, ал кызматын улантат жана реформаларга каршы эмес», — деди ал.  

ИИМ министрдин кетүүсү тууралуу маалыматты «кофе уюткусунда төлгө ачуу» катары баалады.  

«Кашкар Жунушалиевдин кетүүсү жөнүндө таралган аңыз-кептер, күч түзүмүнүн өздүк курамын өз ара чаташууга алып келүүгө жана эл арасында азыркы министрге жана ИИМне нараазычылыктарды жаратууга болгон аракет. Азыр министрдин отставкасы үчүн эч кандай негиз жок», — деп билдирди ИИМнин басма сөз кызматы.  

Мекеменин басма сөз кызматы макаланын авторлорун сылыксыздык жана орой түшүнүк берүүдө айыптады. ИИМнин маалыматында, Жунушалиев күч органдарындагы реформаны колдойт.

«Ачык саясат плюс» гезити жазгандай, Жунушалиевдин отставкасы жөнүндөгү кептер «Коргонуу кеңеште каралган ИИМдеги реформага» байланыштуу келип чыккан.   

«Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кашкар Жунушалиев менен "атамекенчи" Болот Шер менен мамилеси жакшы болгондуктан, "атамекенчи" анын министр болушунда абдан чоң салым кошкон. Ушул себептен, Жунушалиевге айтса керек: "Кызматты ташта да, кет"», — деп гезиттеги макаланы Gezitter.org сайты жарыялаган.

Басылма Жунушалиевдин ордуна ИИМнин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков келиши керек деп жазган.

Жунушалиев ички иштер органдарында 1981-жылдан бери эмгектенет, алгач Фрунзе шаарынын ОИИБнө батальондун милициясы кызматына келген. Министрлик кызматка 2016-жылдын 2-июнь күнү дайындалган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы