Хижаб кийген кыз «Плейбойдун» башкы бетинде

Эркектердин «Плейбой» журналынын октябрь айындагы санынын башкы бетине хижаб кийген кыздын сүрөтү чыкмакчы. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди. Журнал март айынан бери жылаңачтанган кыздардын сүрөтүн чыгарбай калган.

Ливан тектүү америкалык журналист Нур Тагури бүткүл дүйнөгө таанымал «Плейбой» журналынын октябрь айындагы санынын бетине чыгууга сүрөткө түштү. Тартылган сүрөттөр менен ал өзүнүн Инстаграм баракчасында бөлүшкөн.

«Плейбой» журналы Renegades-2016 долбоорунун жүзү катары Нур Тагурини тандап алгандыгы жөнүндө 22-сентябрда жарыялаган.

«Мына ушул. Playboy мени Renegades-2016 сериясынын жүзү катары тандап алганы тууралуу сыймыктануу менен айта алам», — деп сүрөткө жазып койгон.   

CNN каналы билдиргендей, чыга турган номер материалдардын «Ренегат» сериясына арналган, анда бардык тоскоолдуктарга көз жумуп, сүйгөн жумушу менен алектенип жаткан жаштар тууралуу кеп кылынат.   

«Плейбой» болсо, 22 жаштагы Тагурини Американын улуттук телеканалында хижаб кийип чыккан алгачкы журналист болгондуктан, тандап алгандыгын айткан.  

Тагури «Плейбойго» хижаб кийип телеэкранга чыгууну кыялданганын билдирип, 2012-жылы ABC телеканалында жаңылыктарды алып баруу менен бул кыялын ишке ашырганын айтып берген.

«Тагури, Мэриленд университетинин бүтүрүүчүсү, америкалык журналистикада эң чоң таланттардын бири катары эсептелет. Андан сырткары, ал түрдүү мотивация берүүчү роликтердин автору жана инстаграмдын жылдызы. Ал билим берүүчү TED порталында бир канча жолу лекция окуп, адамдарды расалык жана диний окшоштук жана айырмачылыктарынан кемсинбөөгө чакырган», — деп жазган «Плейбой» журналы.

«Плейбой» журналы 2016-жылдын март айынан баштап, жылаңач аялдардын сүрөтүн чыгарбай калган. Андан сырткары, жаш курагы боюнча чектөө да 13кө төмөндөтүлгөн.