Кыргыз дизайнерлери күз-кыш сезонуна карата коллекцияларын тартуулашты. Ассиметриялык бычым, волан, макмал жана кызгылт көк сыянын кошумча түстөрү — бул 2016-жылдын күз мезгили.

Мода көргөзмөсү 27-сентябрь күнү «Фрунзе» ресторан-галереясында өттү. Иш-чараны «Модалуу үй» шоу-румунун негиздөөчүлөрү Алтынай жана Айсулуу Рыскуловалар жана Сонун Нурманбетова уюштурушкан.

 Көргөзмө Сонун Нурманбетованын коллекциясы менен ачылды. Анда бир катар тренд жана тенденциялар тартууланды.

Каамыт жака

Каамытка костюмдун жана кече көйнөктөрүнүн жакалары бекитилген.

Костюмдар

Коллекциянын курамында жука кездемеден тигилген жумшак костюмдар, андан сырткары көлөмдүүлөрү да бар — бөтөнчө кездемелерден жасалган асыл нуска жакалар.

Түс

Коллекция кызгылт көк сыянын кошумча жана ээриген суунун түсү аралашкан түстөрүндө аткарылган. Жалпысынан коллекция кабагы бүркөө күз жана жаанчыл мезгилди эске салып турду. «Модалуу үй» шоу-румунун мурдагы көргөзмөсүндө да дизайнер Сонун Нурманбетова кызгылт көк түстү жашыл менен аралаштырып берген эле.   

Ал эми Яна Гайдайдын коллекциясы, 2017-жылдын жаз-жай мезгилине ылайыкталып тигилгендей. Бул дизайнердин жана фэшн-стилисттин коллекциясы өзүнүн өзгөчө мүнөзү менен айырмаланды.

Аксессуарлар

Коллекциядагы көйнөктөр аксессуарлар менен коштолгон — бөтөнчө кооз төөнөгүчтөр, көз айнектер жана баштыктар. Баштыктар Damelka art bags кыргыз бренди тарабынан сунушталды.

«Жеңил чапандар»

Жумшак жеңил чапан-көйнөктөр моделдердин назиктигин ого бетер көрсөтүп, бир аз чачылалуу көркөмдүк берип турду. Костюмдар да ушундай эле негизде тигилип, сафаринин кошумча түстөрү аралашкан.

Жеңдер

Бүткүл колллекция жеңдердин өзгөчө бычымы менен айырмаланып — ассиметриялык жеңдер кийимдерге толуктоолорду берип турат.

Австрияда жашаган кыргыз дизайнери — Gulnur да өз коллекциясын сунуштады.

Токтоолук

Жалпы коллекция токтоолукту жана минимализмди баалаган аялдарга ылайык тигилген.

Оймо

Күнүмдүк кийилүүчү көйнөктөргө учуп бараткандай элес калтырган кыргыз оймолору түшүрүлгөн.

Түс

Чоң бөлүгү ак менен дене түсүнөн аткарылган, коллекцияга жан киргизген этно-оймолору менен өзгөчөлөндү. Кече көйнөктөр болсо, кара түстөн тигилген экен.

Сasual образдагы коллекция Kolibri брендинии көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн.

Көйнөк-жейделер

Коллекциянын көпчүлүк бөлүгү көйнөк-жейделерди түрдүү түстө жана түрдүү фактурада тартуулап турат. Мында Дайан фон Фюрстенбергдин кол жазмасы сезилип турду. Көйнөк-жейделер — Дайан фон Фюрстенбергдин өзгөчөлүгү саналат. Андан сырткары, ал бейтаасын  татаал айкалыштарды жакшы көрөт. Kolibriнин жейделери «көйнөктөрдүн ханышаларынан» бычымы менен айырмаланып турат.

Эркин бычым

Коллекциядагы бардык кийимдер эркин бычымда тигилген. Анда кыймыл-аракетке тоскоол боло турган эч нерсе жок.

Аксессуарлар

Бренддин дизайнерлери колдонгон жалгыз аксессуар — сырга-сабактар болду. Алар менен бир канча кече көйнөктөрү жана ойноок образдар жаралды.

Ата мекендик фэшн-долбоордун жеңүүчүсү, кутюрье Салтанат Мамытова да өз коллекциясын тартуулады.

Макмал

Коллекцияны от сыяктуу ойноктогон макмал көйнөк ачып берди. Макмал бүткүл коллекцияда кызыл түстүн түрдүү кошулмаларында колдонулган — кара кызыл, аралашма кызыл жана оттуу бүлдүркөндүн түстөрүнүн айкалышында.

Ич кийимдер стили

Ич кийимдер стили — Салтанат Мамытованын коллекциясынын өзгөчөлөнгөнү болду. Мындай стилдеги көйнөк биринен экинчисине кубулжуп өтүп жатты. Күз мезгилине ылайыкталган ич кийимдер назик этектүү болуп, куш канаттары менен кооздолгон.

Аксессуарлар

Бул коллекциядагы негизги аксессуар болуп, асыл таштар, моюнга тагынуучу мончок сыяктуу жасалгаланган чачылалар кызмат аткарды.

Көргөзмөнүн коногу катары келген BRAVOLAB да Галина Горноженко жана Дина Кимдин коллекцияларын тартуулады.

 Токулма торлор

Коллекциянын чоң бөлүгү торлордун булуттары менен суктандырды — жалтырак-жука кийимдер, этек-таңгактар жана сүйрөлгөн арткы этектер.  

Түс

Коллекция боздун аралашма түстөрүндө аткарылып, кээде назиктик кубулжуп, апакайлык чачырап турду.

Куш канаттары

BRAVOLAB көйнөктөрдүн этектерин куш канаттары менен жээктеген — бул ыкманы мурдагы коллекцияларда да колдонушкан. Жүн жана куш канаттары бөтөнчө жеңдүү көйнөктөрдүн көркүн ачып турду.  

Көргөзмөгө концептуалдык дизайнер Улуша Жол да катышты. Ал эркектердин кийимдерин сунуштаган жалгыз дизайнер болду.

Геометрия

Сызыктар жана геометриялык түзүлүштөр — Улуша Жолдун коллекциясынын мүнөзү. Анын бир канча кийимдери геометриянын негизинде тигилген болсо, анын ичинде быйыл эле Грузияда көрсөтүлгөн «Урбан-самурай» да бар.

Терилер

Терилер баш жана сырткы кийимдердин тигилишинде кошулган. Түстөр болсо, нукуралыктан баштап сары менен көктүн «жеткен чегин» көрсөттү.  

Винтаж

Коллекциянын айрым көйнөктөрү «Тагдырдын тамашасы» фильминдеги образдарды эске салып турду. Бул коллекция советтик убакка жана 60-70-жылдарга шилтеме берүү менен тигилген.

Дизайнер Aiman Sholpan көйнөктөрдүн бардык түрүн камтыган коллекциясын көрсөттү — казуалдуудан баштап кече көйнөктөрүнө чейин.

Түс

Ачык-кызгылт түс укмуш көрүнүп эсте калды. Бул түстө үч көйнөк тигилген: түрдүү бычым менен эки көйнөк жана майда гүлдүү узун башмент.

Аксессуарлар

Аксессуар катары дизайнерлер көзгө байланган тор байлагычтарды колдонушкан. Барпайган этек көйнөктөр, кече көйнөктөр венециялыктардын балын эске салды.

Назик сөлөкөттөр

Aiman Sholpan башка дизайнерлерден айырмаланып, назиктикке ыктаган. Эч кандай эркин бычым жок, көкүрөк жана бел даана белгиленген.

Бул көргөзмөдө Айгерим Бакытбекова да таң калтырды, Keshalook бренди. Ал гиперназиктиктен концептуалдыктын тарабына басым жасаган. Ошондой болсо да, образдарда анын кол жазма издери калган.

Аба

Сүрдүү образды жумшарткан, эбелектеген торлор анын мурдагы жазгы көргөзмөсүндө тартууланган болчу.

Оверсайз

Бирөөнүн үстүнөн чечип алгандай көлөмдүү пуловерлер, чоң свитер жана курткалар аялдардын көйнөктөрүнүн үстүнөн кийилип, моделдердин назиктигин көрсөттү.  

Принт

Ар бир кийимде 60-жылдардагы принтти көрүүгө болот — жеңде, этек көйнөктө жана шымдарда.

Көргөзмөнү дизайнер Денис Линин S.O.U.L бренд коллекциясы жапты.

Согуш

Коллекция аскерий тематикага шилтеме берип турат. Дене ысыткычтар, баш кийимдер жана картуздар.  

Чакмактар

Ар бир мезгилде бренд түрдүү чакмак жейделерди чыгарат. Күзгү коллекция да чакмактар менен толукталган.

Түс

Коллекция кара, жашыл жана кызыл түстөрдөн турат. Бул түстөрдүн айкалышы образга оор кайгыны берип тургандай. Ал эми жүрөк титиреткен музыканын коштоосунда төрт тарабы төп келишип калды.  

Сүрөт: Александра Ли жана Александра Титова