Москвада мушкер мигранттардын клубдары жөнүндө уламыштар айтылчу. Бирок бүгүн Борбордук Азиянын спортчулары айткандай, мыйзамсыз рингдер артта калды. Андан сырткары, Москванын вокзалдарында жашыруун беттештердин катышуучуларын оңой эле табууга болот.
Макаланын түп нускасы «Настоящее время» маалымат сайтында жарыяланган, автору Жибек Бегалиева.
«Чын айтканда, мен акча үчүн мушташкам», – дейт Бишкектин тургуну Бакыт. Ал үч күндөн бери Орусия борборунун Ярослав вокзалында туулган күнүн белгилөөдө.
«Мен өзүм спорт чеберимин. Суворов окуу жайында мушташканды үйрөнгөм. Бул жерде мени эч ким капа кыла албайт, жадагалса, орустар да. Өзүмдү капалантып койбойм», – деп айтат Бакыт, ал мурда чөнтөк ууру болуп жүргөнүн да кошумчалайт.
Борбордук Азиянын чыныгы мушкерлери урушкан клубду табуу кыйын эмес. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген мигранттардын көпчүлүгү үчүн Москвадагы эрежесиз эр мушташ — жалгыз көңүл ачуучу жай.
«Мен бокс менен машыкчумун, азыр машыкпайм — ден соолугум начар. Ошондуктан, бул жакка келем», — дейт тажикстандык Хуршед Нурбеков. Ал эрежесиз эр урушка ар жекшемби келет: досторун колдоп, көңүл ачуу үчүн. Мушташка кыздар да келишет. Рингге чыккандардын көпчүлүгү профессионалдуу спортчулар болгону үчүн — бул оңой акча табуунун айласы.
«Мен Евразиянын, Азиянын чемпионумун. Жети жылдан бери спорт чеберимин. 16-сентябрь күнү Орусиянын чемпиону наамы менен үчүн Руслан Бикменов менен мушташтым. Ал Европанын мыкты мушкерлеринин ондугуна кирет. Бирок, мен жеңген жокмун, себеби Бикменов жеңиши керек болчу. Биз үйдөн абдан алыстабыз, упай топтоо менен жеңишти оодарып алды».
Москванын чет жакасындагы залда, алардын баары бирдей. Мисалы, мына кыргызстандык спортчу тажикстандык атаандашы менен мушташып жатат.
Жеңишти илип кеткен кыргызстандык Нурсултан эми малярдык жумушуна барып, чемпиондук титул жөнүндө кыялданат.
«Мен малярдык жумуштарды аткарам. Оңдоп-түзөө. Дубал кагаздарды жабыштырам. Келечекке пландарым чоң. UFCга кирүүнү каалайм. Бул эрежесиз эр уруштар боюнча эң чоң турнир», — дейт Урматбек уулу Нурсултан.
Анын апасы баласынын бош убактысында эмне менен алектенип жүргөнүн билбейт. Бирок, Нурсултан өзүнүн жеңиштерин сырттан апасына арнайт.
«Апам коркот. Абайлап жүр дейт, мен жалгыз уулумун. Кээде апама айтпай мушташка кетип калам. Машыгууга баратам деп айтып коём. Апам бир канча жолу менин мушташканымды көргөн. Анда мен көп деле муш жеген эмес болчумун. Убакыттын өтүшү менен көнүп калат деп ойлойм», — дейт Нурсултан.
Бир нече жыл аралыгында, жөнөкөй айылдык Нурсултан, ийгиликтүү мушкер болуп өзгөрдү. Кайрадан айылга кетүүнү азырынча пландай элек, ал карьерасын Москва менен байланыштырат. Анын айтуусунда, үйдө, спортчулар үчүн мындай шарт жок.