Eurasianet: Кыргызстандын мамлекеттик карызы тездик менен көбөйүүдө

Эл аралык валюталык фондунун (ЭВФ) өкүлү Кыргызстандын суверендик карызынын тез өсүп жаткандыгына тынчсызданганын билдирди.

Материалдын түп нускасы «Eurasianet» сайтында жарыяланган.

Сентябрдын орто ченинде Кыргызстандын Финансы министри өлкөнүн мамкарызы $4,7 миллиардга чейин өскөнүн билдирген. Карыздын ички дүң продукцияга (ИДП) карата сом менен алганда 68 пайызна жеткени менен долларга салып алганда кыйла төмөн жана 60 пайызын гана түзөт деп ишендирүүгө чиновниктер дароо шашылышты.

Бирок, ЭВФ миссиясынын республикадагы өкүлү Эдвард Жеймайэл 28-сентябрдагы билдирүүсүндө, өлкөнүн карызынын тездик менен көбөйүшү тынчсызданууну жаратып жатканын айткан.

Анын билдиришине караганда, Кыргызстандын суверендик карызы соңку жылдары ИДПнин 43төн 70 пайызына чейин бат эле өсүп кеткен. Бул кыргыз чиновниктери атап жаткан сандардан кыйла көбүрөөк экенин Knews.kg маалымат сайты маалымдады.

«Бул көрүнүш бизди кабаатырлантып жатат, бирок эсептерибизге караганда, карыз дагы деле карыз болуу кризисинин орточо тобокелчилигине дал келүүдө, бирок, карыз чекке жете турган деңгээлге келип калган. Мындай учурда, ал, карыз абалынын жогорку тобокелчилигине оңой эле өтүп кетиши ыктымал. Бул өкмөт үчүн займдарды тартып келүүнүн баасы өсүп кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Бюджеттин туруктуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеп кыла турган болсок, өкмөттүн өзүнүн чектелүү ресурстарын социалдык жана экономикалык максаттарга колдонуу мүмкүнчүлүгү кыскарат, себеби карызды тейлөө үчүн улам сайын көбүрөөк акча сарптоого аргасыз болуп жатат», — деп Knews.kg ЭВФ миссиясынын жетекчисине шилтеме кылат.

Чындыгында эле, Кыргызстандын финансы министри өткөн айдын башында, өкмөт 2011-жылдан бери сырткы жана ички карызын тейлөөгө 74 миллиард сомго чукул (учурдагы курс менен эсептегенде $1 миллиард) коротконун маалымдаган.

Кыргызстандык расмий өкүлдөр карызды тейлөө улам оорлоп жатканын моюнга алышат.

Ссудаларды тейлөө жана жабуунун негизги бөлүгү сырткы карызды төлөөгө жөнөтүлөт, көпчүлүгү Кытайдын мамлекеттик экспорттук-импорттук банкына, ал Кыргызстанга $1,4 миллиард насыя берген. Дагы $640 миллион республика Эл аралык өнүгүү ассоциациясына карыз. Аталган уюм кедей өлкөлөрдөгү өнүгүү маселелери менен алектенип, Дүйнөлүк банктын бөлүмү болуп келет.

Анын үстүнө, сырткы карызды тейлеп жана жабууга кеткен каражаттардын бөлүгү ички карызга багытталган бөлүккө салыштырмалуу кыйла жогорулаган. Бирок, Финансы министрлигинин маалыматына ылайык акыркы алты жылда ички карыз эки эсеге көбөйгөн.    

Бирок экономикалык серепчилер азырынча айгай салууга шашылыша элек.

«Карыздын өскөндүгүнө карабастан, анын структурасы жана диверсификациялануусу алгылыктуу болуп келет. Узак мөөнөткө берилген сырткы карыздын көпчүлүк бөлүгү  — бул жеңилдетилген ссудалар, ал эми кыска мөөнөткө берилген милдеттенмелер ИДПнин 1,1 пайызына жана бюджеттин кирешелүү бөлүгүнүн 2,8 пайызына гана эквивалентүү. Ошондуктан, жакын арадагы перспективада биз экономика үчүн олуттуу кредиттик тобокелчиликтердин болуп кетүүсүн күткөн жокпуз», — деп Rating-Agentur Expert немец рейтинг жана консалтинг компаниясынын июль айында жарыяланган докладында белигленген.

Масштабдуу карыз алуулар 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиянын туруктуу өнүгүүсүндө көрсөтүлгөн өнүгүүнүн амбициялык программаларына багытталып жатканын Кыргызстандын өкмөтү ачык эле билдирүүдө. Бул документте айыл чарба, транспорт жана коммуникациялар тармактарына кыйла каражат салуулар каралган.

«Биринчиден, экономикага инфраструктураны жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн каражат зарыл. Бизде көпчүлүк нерсе СССРден калган, бирок анын бардыгынын абалы өтө начар жана жаңысына алмаштырууну талап кылууда. Сөз ошол эле жолдор, ГЭС, ТКЧ жана башкалар жөнүндө болуп жатат, — деп май айында экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирген. — Мисалы, жолдорду салууга жана реконструкциялоого эле $2 миллиард сарпталган».

Мындай өңүттөгү көзгө басар эле долбоор Кытайдын экспорттук-импорттук банкы берген $390 миллион суммасындагы кредиттин эсебинен салынган, кубаттуулугу 50кВ болгон «Датка-Кемин» электр берүү линиясы болсо керек. Бул демилгенин максаты, совет мезгилинде эле салынып, борбор азиялык бир катар өлкөлөрдү байланыштырып туруучу электр линияларынан Кыргызстанды бөлүп кетүү эле. Жаңы ЭБЛ капчыкты кыйла жукартса дагы, Өзбекстандан энергетикалык көз карандысыздыкка чыгууга шарт түздү, бул эки өлкөнүн ортосунда мезгил-мезгили менен болуп туруучу дипломатиялык пикир келишпестиктер учурунда абдан эле жардам берип жатат.

ЭВФ Кыргызстандагы кырдаал тууралуу алгачкы жолу тынчсызданып жаткан жок. Июль айында фонд Бишкекке киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыгашаларды азайтуу жолу менен бюджеттин дефицити менен күрөшүү кеңешин берген.

Жакында эле сөз кылынган маселелердин бири эгинди импортоочуларды КНСтен бошотуусу болду. ЭВФ бул кадамды контрпродуктивдүү деп атады. Ушул жумада Жемайэл: натыйжада, казынага 600 миллион сом ($8.8 миллион) түшпөй калды, —деп айткан.

Бийлик бюджетти салыктын эсебинен толтуруу жагынан ич жылытаарлык ийгиликтерин деле көрсөтө элек, бирок ири иш чараларга каражат чачканы бар. Маселен, Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө олуттуу өлчөмдөгү каражат коротулган, бирок өкмөт бул чыгашаны өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым катары баамдады. Жемайэл Оюндарды жана ушул айда, Бишкекте КМШ саммитинин өткөрүлүшүн эскертип, мындай нерселерге акча коротуудан баш тартуу керек деп мисал катары келтирип кетти.

Салыктарды эффективдүү чогулта албагандык жана чыгашаларды кыскарта албагандык телегейи тегиз заманда деле кыйынчылыктарды жаратат, ал эми азыркы экономикалык көйгөйлөрдүн фонунда өзгөчө чоң көйгөйгө айланууда.

Июлда жарыяланган ЭВФтин божомолдоруна ылайык 2016-жылы ИДПнин өсүшү 2,2 пайыздык деңгээлде болуусу күтүлүүдө, бул буга чейинки божомолдордон жана 2015-жылы 3,5 пайызды түзгөн көрсөткүчтөн кыйла төмөн. Экономикалык өсүүнүн темпинин төмөндөгөнүнө, инфляциянын өсүүсүнө жана мамлекеттик финансылардын начар абалына байланыштуу эл аралык аренада дагы республиканын экономикалык статусу түшүп жатат. Мисалы, Дүйнөлүк экономикалык форум даярдаган акыркы Атаандаштыктын глобалдуу индексинде Кыргызстан былтыркы жылдагы 102-орундан быйыл 111-орунга түшүп калган.