Facebook жок болуп бараткан тилдерди сактоодо

Коомдук тармак корсикан, валий, басктардын тилинде жана башка жок болууга дуушар диалектилер үчүн жеткиликтүү. Facebook эми 101 тилде «сүйлөйт».

Марк Цукербергдин коомдук тармагы сейрек кездешүүчү тилдерди кайра жандандыруу долбоорун ишке киргизди.

Терминологияны өзүнүн диалектисинде даярдаган Корсика аралынын активисттери менен биргеликте Facebookту корсика тилине которушту. Учурда Facebookту черок жана идиш тилдерине которуу жүрүп жатат.

Корсикалык активисттер популярдуу социалдык тармактын терминологиясын өз диалектисине үч жуманын ичинде которушкан. Масшатбдуу идеянын үстүнөн эки миң ыктыярчы иштеп, долбоор 29-сентябрда өткөрүлүп берилген.

Эми сайт сейрек деп саналган корсика вариантында эле эмес, валий тилинде жана басктардын тилинде да жеткиликтүү. Учурда жок болууга дуушар делген дагы тогуз диалектиде иштелип жатат, анын ичинде америкалык индейлердин сакталып калган сейрек диалектилери да бар.

«Facebookтун миссиясы — элдерге дүйнөнү ачык кылуу жана ич ара байланышып турууга мүмкүнчүлүк түзүү. Тил — бул бирикменин олуттуу бөлүгү», — деп жасалган ишине Facebookтун интернационализациялоо жана локализациялоо боюнча директору Айрис Оррисс комментарий берди. Ал айткандай, сайт сейрек диалектилерди урпактарга сактап калуу үчүн жардам берүүгө даяр.

«Көнүмүшкө айланып калгандай жаштар англис тилинде баарлашат. Сейрек диалектилерди Facebookта чогултуу менен биз өзүңдүн тилиң — бул жалаң эски китептерден тышкары, абдан кызыктуу экенин көрсөткүбүз келет», — деп Оррисс белгиледи.

Facebook жок болуп кетүүгө дуушар болгон диалектилерди сактап калууга аракет көргөн алгачкы компания эмес. Бул тармакта Google менен Microsoft дагы иштешет. Бирок, алардын ишинин ийгилиги бир беткей эмес.

Microsoft менен иштешкен лингвистика боюнча профессор Дэвид Харрисон диалектилерди киргизүү тилди билбегендерге гана таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт. «Ошол тилде сүйлөгөндөр котормону бооруң катыгыдай деп эсептешет», — деди профессор.

ЮНЕСКО унутулуп калуу коркунучунда деп алты миң тилди атаган. Эгер аларды сактап калуунун аракетин көрбөсө, XXI кылымдын соңуна чейин алар жок болуп кетет.