Филиппиндин президенти өзүн Гитлерге, ал эми баңгизатка көз карандыларды жөөттөргө салыштырды

Родриго Дутерте, Филиппиндин баңгизат диллерлери менен баңгизатка көз каранды адамдарын, Гитлер жөөттөрдү эмне кылса, ошондой мамиле кыла тургандыгын билдирген. Баңгизатка каршы мыйзамды бузгандарга карата президенттин саясатын «өлүмдүн эскадрону» деп аташууда.

Давао шаарындагы өткөн конференцияда сөз алган Родриго Дутерте «болочок муундун келечеги үчүн», «филиппиндин үч миллион баңгизатка көз каранды адамдарынын» жазасын берээрин билдирген.    

«Германиянын Гитлери бар болчу, ал эми Филиппинде мен болом», — деди президент. Аны, эмитеден эле, баңгизатка каршы мыйзамын бузган үч миңден ашык адамдын өлүмүнө айыптап жатышат.  

Бүткүл дүйнөлүк жөөттөр конгрессинин президенти Рональд С. Лаудер Филиппиндик президенттен кечирим суроону талап кылды.

«Президент Дутертенин айткандары кара мүртөздүк эле болбостон, адам өмүрүн сыйлабастык. Бул улуу өлкөнүн демократия жолу менен шайланган лидери үчүн өтө өкүнүчтүү», — деди Лаудер.

Дутертенин «өлүм эскадрону»  

Дутерте өлкөнүн жарандарын баңгизатын саткандарды жана баңгизатка көз карандыларды өлтүрүүгө ачык эле чакырды. Президент кылмышкерлерди өлтүргөндөргө медаль берээрин айтты.

Филиппиндин Rapler сайты берген маалыматка ылайык, 10-69 жашка чейинки филиппиндиктердин 4,8 миллиону өмүрүндө бир жолу болсо дагы маңзатты татып көргөн. Филиппиндиктердин 1,8 миллиону баңгизатка көз каранды.

Филиппиндик журналисттер билдиргендей, 2016-жылдын 1-июлунан тартып сентябрь айына чейин «баңгизатка каршы согушта» 3500дөн ашык адам каза тапты. Алардын ичинен 1276 полициянын операциялары учурунда мерт кетсе, 2233 киши түрмөдөн өлтүрүлгөн.

Родриго Дутерте Филиппиндин президенти болуп 2016-жылы шайланып, жарым жылдын ичинде кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу убадасын берген. Ага чейин ал Давао шаарынын мэри болчу. Эл аралык уюмдардын катаал саясатына жана терс көз карашына карабастан, анын Филиппиндеги рейтинги өтө жогору — 91 пайызга, өлкөнүн экономикасы болсо 7 пайызга өскөн.

Родриго Дутерте цитаталарда

Өзүнүн шайлоо учурундагы кампаниясында Дутерте 1989-жылдагы окуялар тууралуу кеп козгоп, Давао шаарынын мэри болуп турган кезде, түрмөдө козголоң болгонун айтты. Камакта отургандар түрмөнүн күзөтчүлөрүн жана миссионерлерди барымтага алышкан. Барымтага түшкөндөрдүн бири австралиялык Жаклин Хэмилл болгон экен. Жаш кыз массалык зордуктоонун курмандыгы болуп, акыры өлтүрүлгөн. Каза тапкандардын сөөктөрү чыгарылып, ал Жаклинди көрүп «америкалык актрисаларга окшоп, супсулуу экен» анан «ушунчалык сулуу экен, биринчиси мэр болуш керек болчу» дептир. Кийинчерээк ал кечирим сурап, ачуусу менен айтып алгандыгын түшүндүргөн.   

Президенттик постко ат салышып жатып Дутерте ургаачы кишилерге болгон көз карандылыгы тууралуу, эки аялы жана эки ойношу бар экенин айтып берген. Анын айтымында, 70 жашка чейин түнү бою кумарга батууга даяр эле, бирок эми кыска гана убакыттын пайда болушуна ыраазы. Өзүн аялжандуумун деп атап, бирок эч качан мамлекеттин акчасын өзүнүн аялдарына коротпогонун баса белгилеген. «Эгер силердин президентиңер болушумду каалап жатсаңар, силер мен тууралуу бардыгын билүүнөр абзел», — деп өзүнүн жеке жашоосун ачыктаган.  

Филиппинге 2015-жылы Рим папасы Франциск келгенде, Родриго Дутерте тыгынга кабылып беш саат бою мейманканадан аба майданына жете албай койгон экен. Тыгындын пайда болуусунун себебин билген Дутерте — «Папа, иттин баласы, кет үйүңө. Экинчи келбе»,  — дептир.

Эл алдында сүйлөгөн сөзүнүн биринде Дутерте, зарылчылык болсо миң эмес жүз миң адамды өлтүрүүгө даяр экенин айткан. «Мен алардын сөөктөрүн Манил булуңуна таштаттырам, анан балыктар өлүк жеп аябай семирет», — деген Филиппиндин президенти.

Президент Дутерте сын пикирди көтөрө албайт. Соту жок эле өлтүрүү практикасы үчүн сынга алган сенатор Лейла де Лимага Дутерте, элдин көзүнчө эле асынып алууну сунуштаган. БУУнун баш катчысын жинди деген. Филиппиндик президенттин саясатын катаал деп санап, колдоо көрсөтпөгөн АКШнин президенти Барак Обаманы дагы «иттин баласы» деп атаган, бирок кийин кайра кечирим сураган.

Сүрөт: Telegraph