Украиналык укук коргоочу Максим Корниенко Өзбекстанга жактоого алган Зухриддин Мамашовдун сот ишин коргоого келген. Бирок, юрист атайын кызматтар аркылуу коркутулуп, андан сырткары «өз каалоосу менен» өлкөдөн чыгарылып жиберилген.
Максим Корниенко — «Укук коргоочу» эр аралык борборунун президенти — ал жактоого алган Зухриддин Мамашовдун кылмыш иши менен жакындан таанышуу үчүн Өзбекстанга барган.
Мамашов болсо Өзбекстандын жараны болуп, көп жылдар бою Украинада жашап, иштеген. Үйлөнгөндөн соң, паспорт жаңылоо жана ата-энесинин батасын алуу үчүн Өзбекстанга кеткен.
Мамашов учкан учак Ташкентке коноору менен эле аны кармап кетишип, «мыйзамсыз кирип-чыгуу», «сепаратизм», «терроризм» жана «мамлекетке кыянат кылууга» айыпташкан.
Мамашов акыркы 12 жыл аралыгында Өзбекстанда жашаган эмес, кылмыш ишин эмне үчүн козголгонун өзү да түшүнбөгөн.
Мамашовдун жубайы Ольга, Корниенкого кайрылып, Зухриддинди бошотуп алууга жардам берүүсүн өтүнгөн. Укук коргоочу Өзбекстанга барганда, ал укук коргоо органдары тарабынан коркутулуп, кармалып кеткен.
Kloop.kgге берген интервьюсунда Корниенко Өзбекстанда кордук көргөнүн жана ал жакта адилеттүүлүк издегенин айтып берди:
«Ал менин түрмөмдө чирийт»
Зухриддин ага коюлган айыптоолорду моюнга алган эмес — булар «сепаратизм, терроризм, конституцияны бурмалоо» жана Өзбекстан Республикасынан «мыйзамсыз кирип-чыгуу». Ага жактоочуларды жолотпой коюшкан, ошондуктан мен бардым.
Мен Зухриддинге 1998-жылы айыптоолор коюлганын билдим. Ошону менен бирге эле, 2004-жылга чейин ал Өзбекстанда жашаган учурда укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кысымдар болгон эмес. Кылмыш иши 2014-жылы козголгон. Күбөлөр жок. Далилдер жок.
Кийинчерээк, алар таза кагазга анын колун койдуруп алышкан. Зухриддиндин апасын экинчи уулун да түрмөгө камайбыз деп коркутушкан, ал да таза баракка кол коюп берген. Алар сотто «көрсөтмө берүүдөн» баш тартууга кол койгон болуп чыга келген.
Мен Мамашовдун 12 жылдан бери Украинада жашап эч кандай мыйзам бузбаганы тууралуу документтерди даярдап бардым. Анын күнөөсүз экендигин тастыктаган өзбекстандыктардан кол топтодум. Бирок, бир күбө сотто көрсөтмө берип жатып, Зухриддин жөнүндө жаман сөздөрдү айтты.
Мен Андижан сотунан кыйноолор боюнча кылмыш ишин ачууну өтүндүм. Алар баш тартышты. Генпрокуратурага кайрылдым. Прокурордун орун басары мага айтты: «Бул жерде менин системамды бузбагын, акыркы 25 жылда менин түрмөмдөн эч ким чыккан жок, бир да иш жабылган жок. Ал менин түрмөмдө чирийт».
Бош номерлер жок
Мен 20-июндан тартып, Өзбекстандагы катталуу мөөнөтүмдү узартып Мамашевге жардам берүүнү ойлодум. Бирок, мага уруксат бербей коюшту.
Мен анын туугандарынын үйүндө жашадым, бир күнү эле алардын короосунун аянты 10 метрге көп экендигин чукуп чыгышты. Мен жашаганга чейин мындай көйгөй жок болгон. Мен үй-бүлөгө ыңгайсыздык жаратпайын деп, мейманканага көчүүнү туура көрдүм.
Андижандын бир да мейманканасында Украинанын жараны үчүн бош бөлмө табылбады. Бир мейманканада гана мен үчүн бош номер таап беришти. 5 мүнөт өтпөй Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келгенден кийин, номер бир канча күн мурун эле «ээленип» коюлганы белгилүү болду.
Мен шаардын чет жакасында эски мейманкананы таптым. Ошол жакка жайгаштым. Бир сааттан кийин мейманкананын ээлери эшикти каккылап, номер ээленип калганын айтышты. Төрт саат мен эшикти түртүп туруп, милиция чакырганга аракет кылдым. Милиция болсо, акчасы төлөнгөндөн соң, жашаганга укугум бар экенин айтты. Түнөдүм. Катталуу кагазы менен чек берүүнү сурадым, беришкен жок.
Мен туристтерди каттоодон өткөрүп жаткан кишиге кайрылдым. Ал Андижан акимиатынын башчысынын буйругу менен мени каттабай тургандыгын түз эле айтты. Мындан соң, мен Кыргызстанга кетүүнү чечтим.
Чек арадагы Карасуу өзбек айылынан чыкканымдан кийин, эгер кайра келсем, мени кыйнашаарын айтып эскертишти. Мынчалык болоорун ойлогон да эмесмин, кыргыздардын Кара-Суусунда мени Мамашевдин жакындары күтүп турушкан эле. Бирок, өзбек чек арачылары мени коюп жиберген жок, алар кечки саат жетиде чек ара жабылаарын айтышты. Саат 7ден 10 мүнөт өткөндө чыга алган жокмун.
Ферганага барып, мейманканада катталууга туура келди. Каттоо кагазы бар — мен мыйзамды бузган жокмун.
«Өз каалоосу менен өлкөдөн чыгаруу»
Бир аптадан соң, Ташкентте мени милиция кызматкерлери табышты. Документтерди сурашты. Ар бир күн үчүн каттоом бар деп ишеничтүү түрдө паспортумду көрсөттүм.
Алар мени ээрчитип кетишти. Эч кандай мыйзамды бузбаганым үчүн, мен өзүмдүн элчимди чакырдым. Алар бул жөн гана формалдуулук экенин айтып, мейманканадан алып чыгып кетишти.
Каттоо кызматында болсо, мен туура эмес кайрылганымды айтышты. Алар Өзбекстан Конституциясынын кепилдиги болгон мамлекет президентине кат жазууга батынганым үчүн өлкөдөн чыгарышаарын айтышты.
Мен президентке жазган катымда, менин коргоомдогу соттуу адамды жактоодо мыйзам бузуулар болуп жатканын айткам, мени болсо өлкөдөн чыгарууга шылтоо изделип жатканын да баяндагам. Өзбекстандын Омбудсменинин коргоосунда турганым үчүн мени оңойчулук менен мамлекеттен чыгара албайт эле. Бирок, бул да жардам берген жок.
Менин мыйзам бузганымды айтышып, соттой тургандыктарын да айтышты. Жактоочуну мен көргөн да жокмун. Өзбекстанда жүргөн ар бир күнүм тууралуу түшүнүк кат жазып берүүмдү сурашты, а мен күндөлүк толтуруп жүргөм.
Мени эмненин негизинде кармап кетишкенин түшүндүрүшкөн жок. Өзүмдүн элчиме кармалгандыгым тууралуу маалымат бердим. Мага паспортумду кайтарып беришсе, кетээримди айттым. Бирок кайтарган жок. Алар мени жөн гана чыгарып жиберүүнү каалашкан. Мен мейманканадан буюмдарымды алып алышым керектигин айттым.
Мейманканада буюмдарымды жыйнап жаткан учурда Украина, АКШ жана БУУнун элчилери келишти. Мени коштоп жүргөн милиция кызматкерлери бардык суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Үч делегация менен паспортко бардык.
Паспорт кызматында АКШнын элчиси Москвага билет алып берүүсүн айтты, бирок өзбек тарап Өзбекстан-Казакстан чек араларына депортация кылаарын айтып көгөрдү.
Чек арага чейин милиция кызматкерлеринин коштоосу менен бардым, элчинин автоунаасына отурууга уруксат беришкен жок. Мени бачабаздыкта, сепаратизмде жана бир канча нерселерге айыптоого да үлгүрүштү. Украинанын элчилигин жардамга чакырганым аларга жаккан жок.
Мени үч милиция өлкөдөн чыгарды, бул «өз каалоосу менен депортацияланды» деп аталды.
Күрөш уланууда
Мамашовдун иши 4-июлда кайрадан кароого жөнөтүлдү, мени 8-июлда өлкөдөн чыгарышты. Мен Украинада туруп, күрөштү уланта бердим. Украинанын Радасынын депутаттарын жардам берүүгө чакырдым. Ал эми Өзбекстандын прокуратурасы болсо, мага жана Зухриддин Мамашовго карата болбогон айыптоолорду жибере берди. Ошентип, иликтөөнү токтотушту.
Сентябрь айында ишти дагы кароого жөнөттүк. А мен Кыргызстанга келдим, бул өлкө демократиялуу мамлекет эмеспи, Зухриддиндин ишине ушул жактан туруп таасиримди көрсөтө алам деп ойлойм.
Мамашовдун ишине Кыргызстан менен Украинанын Омбудсмендери да кызыгып калышты.
Өзбекстанга баралбаганым үчүн, мен президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеёвдин атына Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу кат жөнөттүм.
Башында катты кабыл алышты, кийинчерээк Кыргызстандын гана дипломаттары менен кызматташаарын айтып, Өзбекстанга тарата албастыгын айтышты да, катты кайтарып беришти.
БУУнун алдындагы комитетке кыйноолорго каршы жана укук коргоочулардын укугун коргоо боюнча кат жолдодум. Бир комитет жооп кайтарды. Кечээ БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кат жаздым. Бирок, Өзбекстанда алардын мандаты жок болуп чыкты.
Зухриддин алты жылга эркинен ажыратылуу алдында турат. Системаны бузууга болбойт. Анын уулу төрөлөйүн деп калды. Атасыз чоңоёт көрүнөт.
Бул берене боюнча соттолгон бир да адам түрмөдөн чыккан эмес. Алар азыркы күнгө чейин отурушат, өлсө да сөөгүн жакындарына кайтарып беришпейт экен.
Серепчилердин айтуусунда, Өзбекстандын аймагында бир жылдан ашык жок болуп калган бардык жарандар ушундай кырдаалга туш болушат.
Эгер аны коюп жиберсе, бул Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу катталат.