Кыргызстандык Отар Бестаев үч күндүн ичинде эки эл аралык турнирде жеңүүчү аталды

Рио шаарында өткөн Олимпиаданын катышуучусу, дзюдочу Отар Бестаев Түндүк Осетиянын ачык чемпионатынан жана Чеченстандагы Хусейн Исаевдин эл аралык турниринен алтын медалдарды утуп келди.

Грозный шаарында (Чеченстан) 28-29-сентябрда өткөн турнирге алты кыргызстандык катышкан. Отар Бестаев 60 килограммга чейинки категориядагы алтынды алды. Ал эми 100 килограммдан жогорку категориядагы коло байге үчүн болгон беттешти Юрий Краковецкий жеңген.

Эл аралык аренадагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясы Отар Бестаевге 450 миң рублдик сертификат ыйгарды.
Эл аралык аренадагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясы Отар Бестаевге 450 миң рублдик сертификат ыйгарды.

Владикавказ шаарында (Түндүк Осетия) 1-октябрда Кыргызстан, Орусия, Грузия, Армения жана Азербайжандын спортчуларынын катышуусу менен ачык чемпионат өткөрүлгөн.

Турнирдин финалдык беттешинде 60 килограммга чейинки салмак категориясында эки кыргызстандык Отар Бестаев менен Арген Бакытбек уулу беттешкен. Кармаштын жеңүүчүсү Бестаев болуп, Арген Бакытбек уулу күмүш байгени алды.

Ошондой эле, чемпионаттын күмүш медалдарын Бектур Рысмамбетов (66) жана Юрий Краковецкий (100) алышкан. Ал эми 81 килограммга чейинки салмак категориядагы колону кыргызстандык Владимир Золоев жеңген.

Риодо өткөн Олимп оюндарында Бестаев финалдын ⅛ баскычына жетип, жыйынтыгында 9-орунга илинген.

Сүрөт: sport.akipress.org