Cүрөт: Жааган кар Караколдун бир бөлүгүн жарыксыз калтырды

Караколдо быйылкы күздүн эсебинен биринчи жолу кар жаады. Мындан улам 44 электролиниянын 15ин убактылуу өчүрүшкөн. Учурда шаарда акырындык менен жарык берүү жолго коюлуп жатат.

Октябрь айынын экисинен үчүнө караган түнү жааган кар электр өткөргүчтөрдү иштен чыгарган. Кардын салмагын көтөрө албаган бутактар сынып, электр чубалгыларды үзүп салган.

Каракол шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Надежда Педро Kloop.kgге билдиргендей, катуу кар жана шамалдын айынан авариялык өчүрүүлөр болгон.

«Кечээ, кечке чейин нөшөрлөгөн жаан жаады. Ал карга айланып, шаардын түрдүү аймактарында электр чубалгылары иштен чыга баштады. Авариялык өчүрүү болду. Учурда электр тармагынын адистери күчөтүлгөн режимде электр жарыгын берүүнүн үстүндө иштеп жатышат», — деди ал.

Анын айтуусунда, түнү бою шаарда жарык жок болду. Таң атканда гана авариялык бригадалар мэрияга, оорукана жана төрөт үйүнө электр жарыгын беришкен.

Каракол электр тармактарынын башчысы Нурбек Казбеков, учурда авариялык бригадалар шаар бойлой кыдырып, жарык берүүнүн үстүндө иштеп жатканын жана келтирилген чыгымдар жөнүндө дагы маалымат берилээрин Kloop.kgге билдирди.