Чиновниктердин эки идентификациялык номуру — катабы же коррупциябы?

Айрым жогорку мансаптуу аткаминерлер жана ишкерлер Салык кызматынын маалымат базасында эки ИНН менен каттоодон өтүшкөн. Бул канчалык мыйзамдуу жана экинчи ИНН эмне үчүн колдонулат?

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) — Кыргызстандын ар бир жаранына бериле турган, 14 сандан турган сыр сандар. Анын жардамы менен салык кызматы жеке же юридикалык жактардын пенсиялык жана салыктык чегерүүлөрүн көзөмөлдөшөт.

Салык төлөөчүлөрдү каттоо эрежеси боюнча, бир адамга эки ИНН коду берилбейт. Мамлекеттик каттоо кызматы бир жаранды өмүр бою колдонула турган бир гана ИНН номуруна каттайт.

Kloop.kg эки идентификациялык номуру бар ишкерлерди жана саясатчыларды таап чыкты:

Report

«Прецедент» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаева билдиргендей, экинчи ИНН салык кызматынын же социалдык фонддун катачылыгы менен катталып калышы мүмкүн, же болбосо мыйзамсыз аракеттер үчүн жарандар өздөрү да алдап коюшу ыктымал.  

«Мисалы, бир эле ИНН менен мүлк (жер, үй, батир, автоунаа) үчүн салыктарды төлөп, эсеп-кысаптарды жүргүзүп турууга болот. Мыйзам чегинде болсо, экинчи идентификациялык номур тууралуу маалымат жок болушу да мүмкүн. Муну менен салык төлөнүүчү объекттер, киреше булактары жөнүндө маалыматтар азайып, салык төлөө милдетинен кутулуунун айласы катары каралып калат», — деди Якупбаева.  

Салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашов Kloop.kgге билдиргендей, эки идентификациялык номуру бар жарандар салык органдарын алдай албайт.

«Эгер жаран салык органдарынан каттоодон өтсө, бизде башка ИНН, социалдык фонддо башка ИНН болот. Салык эсеп-кысабы келгенде, бизге катталган ИНН менен кабыл алабыз», — деди Кумашов.  

Бирок, Кумашовдун сөзү экинчи идентификациялык номурларды мыйзамсыз аракеттерге пайдаланган учурлар менен шайкеш келбейт. Мурдагы жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун тургуну төрт жыл бою колдонуп жүргөн алдамчылык схемасы ачыкка чыккан эле.

«Эки ИНН менен бул аял көптөгөн тендерлерге катышып, келишимдерди түзүп жүргөн. Төрт жылдын ичинде ал кызмат көрсөтүү жана товар ташуу чөйрөсүндө 30 миллион сом пайда тапкан», — деп жазат «Вечерний Бишкек» Ысык-Көл облусунун ички иштери башкармалыгынын маалыматына таянып.   

Жеке ишкер баарын биринчи ИНН менен каттап, эсеп-кысапты экинчи идентификациялык номур менен берип турган. Төрт жылдын ичинде, облустук милициянын маалыматында, ал мамлекетке алты миллион сомдук чыгаша келтирген.

Мамлекеттик каттоо кызматы текшерүүгө алган учурда экиден идентификациялык номуру бар 6000 жаранды тапкан.

«Идентификациялык номур бере турган бирдиктүү орган жок болгондуктан, мындай көйгөйлөр келип чыгууда», — дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов.  

Мурда ИНН эки орган тарабынан берилчү — Салык кызматы жана Социалдык фонд. Бирок, 2016-жылдын август айынан баштап функция Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлгөн.

Эми аталган мекеме ар бир төрөлгөн балага ИНН номурун берет. Ал өмүр бою анын жеке идентификациялык номуру болуп калат. Бул азыркыдай көрүнүштөрдүн алдын алат.

«Биздин кызматкерлер тажрыйба топтошуп, бир-жалгыз номур берип жатышат. Бул биздин катабыз болчу, биз аны түзөтүп жатабыз», — деп кошумчалады Эржигитов.

Социалдык фонддун пенсиялык учёт башкармалыгынын кызматкери Аман Абдылдаев билдиргендей, социалдык фонддо эки ИНН чыгып калса, анын бирөөсү дароо жокко чыгарылат.

«Бул жерде көйгөй болбойт, биз алардын бардык эсептерин пенсияга чыгаарда бириктиребиз», — деди Абдылдаев.  

Бирок, «жарандар өздөрү келип жеке маалыматтарын тактамайын» мамлекеттик органдар эки ИННди таап чыга албайт» дейт Абдылдаев.