«Cryщенное молоко»: Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупция боюнча «нускама»

Мамлекеттик сатып алууларда кандай коррупциялык схемалар жана тобокелчиликтер бар — Kloop.kgнин башкы редактору Эльдияр Арыкбаевдин колонкасында.

Баяндоо автордун атынан жүрөт.

Колонканын автору: Эльдияр Арыкбаев, Kloop.kgнин башкы редактору.
Колонканын автору: Эльдияр Арыкбаев, Kloop.kgнин башкы редактору.

Мамлекеттик сатып алууну электрондук түрдө жүргүзүү кагазга караганда бир кыйла ыңгайлуу экендигин моюнга алуу керек.

Эгер мындай болсо, сатып алган уюмдар жана жеткирүүчүлөрдүн иши айкын көрүнүп тураар эле.

Бирок, алдамчылар да жөн отурбай, мыйзамсыз акча табуу жана байып кетүүнүн айласын издеп, түрдүү схемаларды ойлоп таап турушат.

Төмөндө паракорчулукка кучак жайган схемалар көрсөтүлгөн:

«Коррупциялык латын тамгасы»

Мамлекеттин электрондук сатып алууларындагы эң көп колдонулуучу паракорчулук схемасы башка компанияларды тендерлерге жолотпоо үчүн колдонулат.

Схеманын маңызы жөнөкөй: жарыянын аталышындагы кирил тамгалары аналогдуу латын тамгаларына алмаштырылат. Мындай учурда сайттагы тендер ачкыч сөздөр аркылуу табылбай калат.

Мисалы, «молоко» деген сөздү кириллица тамгалары менен жазып, мамлекеттик сатып алуудагы кызматкерлер "о" тамгасын латындын "o" тамгасына алмаштырып коёт — «мoлoкo» болуп калат.

Дагы бир мисал — колонканын башында келтирилди.

Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлер борбору 2016-жылы 600 миң сомго «коюлтулган сүт» (cryщенное молоко) алууга тендер жарыялайт. Мында, биринчи үч «сгу» тамгаларын «cry» англис тамгаларына алмаштырып коюшат.

Айрым мамлекеттик уюмдар бир эмес, бир канча тамгаларды алмаштырган учурлар кездешет — Ниязов атындагы атайын кошумча мектеп-интернаты 2016-жылдын май айында «TBepдoe» күйүүчү май алган.

Бул сөздө канча тамга алмаштырылганын байкадыңызбы?

"Д" тамгасынан башка баары!

Кыргызстандагы мындай схеманын иштеп жатышы тууралуу биринчилерден болуп 2014-жылы Kloop.kgнин журналисттери — Улугбек Акишев менен мен тараптан изилденип чыккан. Анда, Билим берүү жана илим министрлиги 167 миллион сомго окуу китептерин басып чыгарууга тендер жарыялаган эле. Тендерде паракорчулук латын тамгасы орун алып, кийинчерээк тендерлер катарынан жок болуп кеткен.

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти 2016-жылдын июнь айында паракорчулукка жол ачып жаткан тендерлердеги латын тамгалары менен күрөшүүнү колго алган.

Алардын берген маалыматтары боюнча, 2015-жылы аталган ыкма менен 72 тендер өткөрүлгөн.

Жогорулатылган баа

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүүзүнүн эң негизги максаты — атаандаштардын сынактык тандоосунун негизинде бюджеттеги каражатты үнөмдөө болуп саналат. Көпчүлүк учурда, эң төмөн баалар жана билдирмелердин талаптарынын негизинде тандоо жүргүзүлөт.

Бирок, иш жүзүндө мындай эмес. Башында эле тендерде жарыяланган баа базар баасынан жогору болот.

Эң кеңири таралган мисал — күйүүчү май сатып алуудагы баалардын ар түрдүүлүгү.

Мисалы, Алайдагы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 8000 сомго АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр күйүүчү май сатып алууну жарыялаган.

Жөнөкөй эсеп жүргүзүп көрсөк, Алай Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы күйүүчү майдын 1 литрин 40 сомдон алмакчы болгон.

Бул базар баасынан бир канча кымбат!

Май куюучу жайларда аталган үлгүдөгү күйүүчү майдын бир литри 35-37 сомдун тегерегинде сатылат. Күйүүчү майды дүңүнөн мындан да арзан алууга болот.

Чоң суммадагы тендерди карап көрөлү — мисалы, «Кыргызалтын» 250 миң литр жайкы жана кышкы дизелдик күйүүчү май сатып алып жатат.

Кышкы — 100 миң литри үчүн 4,7 миллион сом.
Жайкы — 150 миң литри үчүн 6,4 миллион сом.

Жөнөкөй математиканы ишке салабыз, кышкы дизелдик күйүүчү майдын 1 литри 47 сомго, ал эми жайкы — литрин 42 сомдон сатылып алынууда.

Май куюучу жайларда күйүүчү майдын бул түрүнүн бир литри 30-33 сомдон сатылат!

Эгер тендерде жеткирүүчү бир литрин 40 сомдон сунуштаса, үнөмдөлгөндөй көрүнгөнү менен иш жүзүндө эч кандай үнөмдөө болбойт.

Жеткирүү ичинде болгону менен баары бир баалар жогору — дүң эмес, майда соода менен өткөрүүдө күйүүчү майдын литрине жеткирүүнүн да баасы кошулуп калып жатпайбы. Тагыраак айтканда, күйүүчү майдын литри үчүн 32 сом төлөнүп жатса да, бул акчалардын бир бөлүгү жеткирүүгө жазылып жатат.

Түз келишим түзүү ыкмасы

Мамлекеттик сатып алуулардагы электрондук системанын мааниси жеткирүүчүлөрдүн арасындагы атаандаштыктын ачыктыгын түшүндүрөт. Бирок, түз келишим түзүү менен иштеген тендерлерде мунун мааниси таптакыр жоголуп калат.

Жөнөкөйлөштүрүп карасак, түз келишим түзүү — бул мамлекеттик органдар: «Биз коюлтулган сүттү бир гана жеткирүүчүнөн сатып алабыз, эмнеге экендигин — айтпайбыз. Бул компаниянын атын да атабайбыз» дегенди түшүндүрөт.

Түз келишим түзүүнүн негизинде тендер өткөрүү, негизинен төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт:

  • бир эле чыгашалардын негизинде жылына бир жолу тендер өткөрүп койсо болот;
  • тез арада бир нерсе сатып алуу керек;
  • өлкөдөгү бир гана жеткирүүчү компания бул тапшырманы аткара алат;
  • көп жолу тендер өткөрүүгө аракет кылдык, бирок жыйынтык болбоду.

Түз келишим түзүү ыкмасы менен паракорчулукка кенен мейкиндик ачылат. Мында, жеткирүүчүнү мамлекеттик орган же сатып алып жаткан уюм жеке өзү тандап алат.

Түз келишим түзүү ыкмасы менен иштөөнүн дагы бир артыкчылыгы, бийлик төбөлдөрү: президент, премьер-министр жана парламент төрагасы билүүсү керек болгон тендер жөнүндөгү маалыматтар жарыяланбайт.

Өлкөнүн биринчи адамдарынын администрациялары менен иштеп жаткан жеткирүүчү-компаниялар жөнүндөгү маалыматтардын жоктугу мамлекеттик сатып алуу мыйзамына туура келбейт.

«Ийкемдүү» квалификациялык талаптар

Тендерде утуп алуу үчүн компания мамлекеттик буюртманы аткара ала турган талаптарга жооп бериши керек. Көпчүлүк учурда, документтердин толук болушу жана бул чөйрөдө тажрыйбалуу компанияларга талап күч болот.

Бирок, мамлекеттик сатып алууларда квалификациялык талаптарга жооп бере албаган жана бир нече апта мурда түптөлгөн компаниялар утуп алышы толук ыктымал.

Мындай учурлар көп эле болгон. Мисалы, парламенттин сайтын жасоо үчүн тендер жарыяланганда, бир нече апта мурда эле негизделе калган компания утуп алган. Бул тендер чукул кырдаалда, майрам күндөрү жарыяланган. Ал эми сайт болсо, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй, чийки түрдө турат.

Дагы бир мисал — тендерди мамлекеттик буюртмага ишмердүүлүгү шайкеш келбеген компаниялар утуп алган учурлар да кездешет. Мисалы, үй салуу үчүн жарыяланган тендерди, азык-түлүк жеткирген компаниялар утуп чыгышы толук мүмкүн (бул чыныгы мисал, бул тууралуу кийинчерээк толугураак материал жазылат).

Урматтуу окурмандар, электрондук мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык схемаларын толук жаза албагандырбыз. Ошондуктан, эгер сиздер тендер өткөрүүдөгү көз боёочулуктар жөнүндө маалымат билсеңиз, комментарий калтырыңыз же eldiyar@kloop.kg электрондук дареги аркылуу байланышыңыз.